КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДЕГЕН ЖОЛУГУШУУ

  • 27.10.2022
  • 0

КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДЕГЕН ЖОЛУГУШУУ

ОшТУга Фергана политехникалык институтунун делегациясы иш сапары менен келип, университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуу жолдорун талкуулашты.  

КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДЕГЕН ЖОЛУГУШУУ

Делегацияны ОшТУнун ректору Ж. Турсунбаев кабыл алып, аларга окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди. Коңшу мамлекеттен келген делегациянын курамында ОшТУ даярдап жаткан бардык багыттар боюнча өкүлдөр бар, алар ар бир багыттын өзүнө тиешелүү болгон факультеттин декандары менен жолугушту. Жолугушууларда мындан ары эки тараптуу байланышты күчөтүп, эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо биргелешип кызматташуу тууралуу кеңири сөз болду. Ош технологиялык университети менен Фергана политехникалык институту буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, достук фестивалын, спорттук жана маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер