“КЫЗ АЛА КАЧУУ — КЫРГЫЗ САЛТЫ ЭМЕС”

  • 18.06.2024
  • 0

26-июнда Кыргыз улуттук университетинде эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, бийлик бутактарынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыз ала качуу — кыргыз салты эмес» аттуу улуттук форум өтөт.

Форумда окумуштуулар жана адистер тарыхый булактарда, фольклордо ала качуу, балдарга карата зордук-зомбулуктун чагылдырылышы, бул көрүнүштөрдүн көчмөн мыйзамдарда жана учурдагы укуктук системадагы ордун талкуулашмакчы.

Ала качуу, педофилия, зордук-зомбулук адамга жана коомго карата оор кылмыш катары жапырт каршылык кылуу, жол бербөө, бийлик менен жарандык коомдун биргелешкен аракетин талап кылат. Учурда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамды күчөтүү маселеси дагы Жогорку Кеңеште талкууланууда. Мисалы, депутат Мирлан Самыйкожо жубайына кол көтөргөн күйөөсүнө соттун чечимин чыгарткан келин кантип кайын журтунда жүрө алат, айрым жоболор кыргыз элинин салтына туура келбейт деген жүйөсүн билдирсе, салтка келгенде коомдо бурмалоолор жетиштүү дейт коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов. Анын айтымында, салтта жок нерселерди салт, традиция деген көз караш кесепеттүү. Мындай көз караш кыргыз иденттүүлүгүнө, улуттун кадыр-баркына, коомдогу адеп-ахлакка, жаштардын жүрүм-турумуна терс таасир этери анык. Жок нерселерди зордоп жармаштыруу аркылуу кыргыз каада-салттарын дискредитациялоо, биздин элдин табиятына жат нерселерди таӊуулоо геосаясий атаандаштык улам күчөгөн заманда улуттун келечеги үчүн кооптуу.

  • Атайылап кыргыз салттарын жерип, билбегендер бурмалап жаткан, чындыгында биздин барчылыгыбызды шарттап келген нукура каада-салттарга байланыштуу айрым фундаменталдуу маселелер боюнча улуттук форум өткөрүп жатабыз, — деп билдирди А. Кулматов.
Бөлүшүү

Комментарийлер