КЫЗ — АДЕБИ КЫМБАТ
- 07.12.2023
- 0
Ош технологиялык университетинде Аялдар кеңеши, кибернетика жана маалымат технологиялары факультети тарабынан “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акциянын” алкагында жана 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Кыз адеби кымбат” аттуу кереге кеңеш уюштурулду.
Аталган иш-чарага университеттин жетекчилиги, Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңеши бирикмесинин Ош шаарындагы төрайымы Атыргүл Кожоева, Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча комитетинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ден соолукту чыңдоо борборунун өкүлдөрү, эксперттер, жогорку окуу жайлардын Аялдар кеңешинин төрайымдары катышып, өздөрүнүн кеп-кеңештерин айтып, кыздарга тиешелүү балуулуктар боюнча кенен талкуу жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө коомдогу, үй-бүлө куруудагы кыздардын орду, кыздардын ден соолугу, кыздарга болгон коомчулуктун сый-урматы боюнча маалыматтар берилип, катышуучулар өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.
Комментарийлер