КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ ГРАНТТЫК ОКУУГА КОНКУРС 17-ЯНВАРГА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛАТ

  • 11.01.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 10-декабрында жана 24-декабрында жарыяланган 2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура, докторантура программалары боюнча окуу жана тилдик такшалтмадан өтүү үчүн конкурстар 2022-жылдын 17-январына чейин узартылганын билдирет.  

Эске сала кетсек, каалоосу бар талапкерлер тандаган билим берүү деңгээлине жараша http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында («2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу») каттоодон өтүүсү, зарыл болгон талаачаны толтуруусу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди тапшыруусу зарыл.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер