КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЖРТГА КАТТОО БАШТАЛДЫ

  • 19.10.2022
  • 0

Жогорку окуу жайына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Каттоо 28-октябрга чейин жүргүзүлөт. Учурда жогорку окуу жайларында элүү миңден ашуун орун бар. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү билдирди.

КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЖРТГА КАТТОО БАШТАЛДЫ
Кабыл алуу контракттык орундарга гана жүргүзүлөт. ЖРТга учурда эч жерде окубаган мурунку жылдын жана 2022-жылдын бүтүрүүчүлөрү гана катыша алат.

— Каттоо кечээ гана башталгандыктан азырынча беш киши гана катталды. Бул жылы биринчи жолу кышкы кабыл алуу киргизилип жаткандыктан канча киши тапшырарын билбейбиз, — дейт Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева.

ЖРТга каттоо акысы мурунку жылдагыдай эле 370 сомду түзөт. Ар бир предметтик тест үчүн да 370 сомдон төлөшү керек.

Каттоодон өтүү үчүн паспорт, билими тууралуу аттестат, ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк, талапка жооп берген электрондук сүрөт керектелет.

Тест 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өткөрүлөт.

Кышкы кабыл алуу 49 окуу жайында жайкы кабыл алуудан калып калган орундар үчүн жүргүзүлөт.

 

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер