ӨКМӨТТӨ КЫШКА ДАЯРДЫК ИШТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 08.10.2020
  • 0
Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча  жыйын өткөрүштү.
Калкты жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуучу мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеп жатат.
«Учурда өлкөдө түзүлгөн кырдаалга карабастан жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. Кышка кам көрүү жумуштарын белгиленген тартипте алып барууну камсыз кылуу шарт», — деп белгилешти жыйындын катышуучулары.
Отурумда белгилүү болгондой, саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы 74-76% пайызды түзөт.
Нарын облусунун Жумгал районунда болгон жер көчкүгө байланыштуу Бишкек шаарындагы жылуулук-электр борборуна көмүр ташып келүү белгиленген мөөнөттөн кечикти. Учурда бул багыттагы жумуш жанданып, ЖЭБге жергиликтүү отунду жеткирүү жумуштары башталды.
Ал эми өлкө аймактарында отун базалары даярдалды. Региондорго көмүр жеткирүү иштери бекитилген тартипте жүргүзүлүп жатат.
Жыйындын жүрүшүндө көмүрдүн баасынын негизсиз жогорулашын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Бөлүшүү

Комментарийлер