“КЫРГЫЗТЕСТ” ОшМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН КЕҢЕЙТЕТ

  • 27.01.2022
  • 0

ОшМУнун  ректору Кудайберди Кожобеков “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская  менен жолугушту.

Жолугушууда Батма Топоева-Ставинская  “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин жүргүзүп жаткан  иш-аракеттери тууралуу айтып берди. ОшМУдагы адистер быйыл жаңы кабыл алынган студенттерди алгач тил билүү деңгээлин  аныктоочу онлайн тесттен өткөрүп, окутууга багыт алып жаткандыгына жогору баа берди. Бул багытта  “Кыргызтест” ОшМУ менен биргеликте кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.

Деңгээлдеп окутууну ишке ашыруу үчүн маалыматтарды, китептерди, окуу-усулдук колдонмолорду биргелешип иштеп чыгуу, окутуучулардын билимин жогорулатып, тест жаатында мыкты адистерди даярдоо, тажрыйба алмашуу багытындагы иштер жолугушууда айтылды.

ОшМУнун ректору учурда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин жүргүзүп жаткан иш-аракеттеринин алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү бала бакчадан, мектептен тартып башталса,  жогорку окуу жайындагы жүргүзүлүп жаткан иштер да  жакшы жыйынтык берерин белгиледи.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору ОшМУга №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын чакыруусу менен келген. Учурда кафедрада окутуучулар менен жолугушуп, тилдик  деңгээлдик-тутумдук   окутуу, талаптарга ылайык тест түзүү  багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. 30-январга чейин усулдук жардам жаатында семинар,  аңгемелешүү уюштурулуп, окутуучулар “Кыргызтест” системасынан тесттен өтүшөт.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси менен ОшМУ кызматташып, алгылыктуу иштерди алып барууну көздөгөн меморандумга кол коюу алдында турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер