КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА ОНЛАЙН КАТЫШУУДА

  • 22.09.2020
  • 0

21-22-сентябрь күндөрү Бишкек шаарынын “Газпром Кыргызстан” мектебинде аралыктан видео көзөмөлдөө менен онлайн режимде жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча дүйнөлүк олимпиада өтүп жатат.

Олимпиада жыл сайын ар кайсы өлкөдө өткөрүлүп, ага 5 континенттен 100дөн ашуун өлкө катышат.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА ОНЛАЙН КАТЫШУУДАОлимпиада Эл аралык математикалык олимпиадалык Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү  Медеубек Кунгожиндин (Алматы, Казахстан) байкоочулугунун астында өткөрүлүүдө. Кыргызстандын улуттук курамасынын машыктыруучу Ишматов Махамаджан.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА ОНЛАЙН КАТЫШУУДА

61-Эл аралык математикалык олимпиада сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөк. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу, олимпиада аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө  аткаруу шарты коюлган.

                   Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер