КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫНА КАТЫШУУДА

  • 09.01.2024
  • 0

Кыргызстандык окуучулар Алматы шаарында башталган математика, физика жана информатика боюнча ХХ юбилейлик Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасына катышууда.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫНА КАТЫШУУДА

Олимпиадага Казакстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Болгария, Тажикстан, Монголия, Грузия, Сербия, Индия жана Румыния сыяктуу 15 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу, 85 команда катышат.

Белгилей кетсек, олимпиада соңку үч жылдан бери онлайн форматта өтүп келген. Быйыл кадимки оффлайн форматында 2024-жылдын 8-январынан 13-январына чейин өткөрүлөт.

Өткөн жылы бул олимпиадада Кыргызстандын атынан катышкан 12 окуучу байгелүү орундарга ээ болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер