КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ДҮҢГҮРӨТКӨН “КРЕАТИВЧИЛЕР”

  • 05.11.2023
  • 0

2023-жылдын 29-октябрынан 5-ноябрына чейин Түркия мамлекетинин Анталия шаарында өткөн эл аралык билим олимпиадасына Бишкек шаарындагы “Креатив-Таалим” ББКсынын 20 окуучусу катышып, анын 16ы 1-, 2-, 3-орундарды камсыз кылышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ДҮҢГҮРӨТКӨН “КРЕАТИВЧИЛЕР”

Аталган  интеллектуалдык сынакка 14 мамлекеттен келген 1000ден ашык мыкты окуучулар, студенттер чогулду. Маалыматка караганда, бул олимпиада жаштарды билимге шыктандыруу менен билим алмашуу аянтчасына айлантып, жаңы билим берүү ийгиликтерине жол ачмакчы.

Бул сынакка өзүнүн күчүн сынап, билимин көрсөтүүнү кыялдангандар үчүн  чоң мүмкүнчүлүк жаралды.

Эл аралык билим олимпиадасы таланттуу, жөндөмдүү окуучуларды бир аянтчага чогултуп, ар бир катышуучу жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө терең сүңгүп, татаал маселелерди чечүүгө жана дүйнө жүзүндөгү эң мыктымын деген акылдуулар менен атаандашууга мүмкүнчүлүк алышты.

— Бул иш-чаранын өзгөчөлүгүнүн бири — катышуучулар билимдин ар түрдүү тармактарында – математика менен физикадан, адабият жана искусствого чейин өзүн көрсөтө алышты. Сынак ар бир баланын өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берди. Анткени бул олимпиада бардыгы үчүн жеткиликтүү жана кызыктуу болду деп ойлойм! – дейт мектептин генералдык директору Гүлнара Дайырбекова. — Эл аралык билим олимпиадасы – бул акыл таймашы гана эмес, 14төн ашык өлкөнүн өкүлдөрү үчүн билим, спорт, маданият жагынан тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болду. Иш-чаранын катышуучулары улуттук каада-салт, гастрономиялык өзгөчөлүктөрү жана уникалдуу үрп-адаттары менен бөлүшө алышты. Олимпиада кулачын кеңейтүүгө жана түрдүү маданияттар ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жардам берди деп ойлойм.

Бул олимпиада дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарынан келген жаштарды билимге жана өнүгүүгө умтулуу үчүн бириктирүүнүн чыныгы символу болуп саналат.

Олимпиадага катышуудан тышкары, алар спорттук турнирлерге, чыгармачылык иш-чараларга катышып, жада калса кооз тоолуу аймактарда квесттерди өткөрүшүптүр.

Бул билимди өнүктүрүүгө, чыгармачыл ой жүгүртүүгө жана командалык кызматташууга өбөлгө түзгөн укмуштуу окуя болгонун катышуучулар да соцтармактарда пикирлерин билдиришти.

— Ошентип, олимпиадага катышкан окуучуларыбыз бир эле мектепти эмес, Кыргызстандын намысын коргошту. 11-класстар арасында географиядан катышкан Нурсултан 1-орунду, тарыхтан Эрбол 1-орунду,  орус тилинен Нурсултан 2-орунду, англис тилинен Аскар 3-орунду камсыздашты. Ал эми 10-класстар арасында  химия сабагынан Фирдаусий 1-орунга, ушул эле окуучубуз  математикадан 3-орунга жана англис тилинен  Аяна деген окуучу кызыбыз 3-орунга чыгышты. 9-класстар ичинен  физика боюнча Нурсулуу 1-орунду, шахматтан Осмон 1-орунду, математикадан Сайкал 2-орунду, шахмат боюнча Исхак 3-орунду,  англис тилинен жана химиядан Элдос 3-орунду багындырышты. Ошондой эле 8-класстар аралык сынакта  географиядан Жоомарт 2-орунду камсыздаса, математикадан Сезим деген окуучубуз 3-орунга чыккан. Мындан сырткары 7-класстын окуучусу Мээрим биологиядан 3-орунду камсыздады. Жалпылап айтканда, биздин окуучулар 5 – 1-орун, 3 – 2-орун жана 8 – 3-орунду багындырып, баарыбызды кубанычка бөлөштү, — дейт окуу жайдын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Кайырбек Байтик уулу.

Ошентип, “креативчилер” билим сынагында 16 орунду камсыздап, анан командалык эсепте дагы 1-орунга чыгып, тарыхтын жаңы барактарын ачышты. Демек, бул мектепте бир эле предметтерге эмес, окуучунун ар тараптуу билим, тарбия алышына өзгөчө маани бургандыгынын далили десек болот. Анткени олимпиадага катышкан ар бир окуучу предметтен сырткары спорт оюндарына дагы, каада-салтты көрсөтүүдө, тамак-ашты жасоодо камчы салдырбай аткаргандары катышуучулардын, калыстар тобунун сүймөнчүлүгүнө арзышты.

Жеңүүчүлөрдү 6-ноябрь саат 8.00 “Манас” аэропортунан билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы, п.и.д. Кыялбек Акматов, “Креатив-Таалим” ББКсынын педагогикалык жамааты, ата-энелер, журналисттер тобу тосуп алмакчы.

Кыргызстандын намысын бийик көтөргөн мыктыларга, аларды даярдаган мугалимдерге, ийгиликтерди жаратканга бардык шарттарды түзүп берген окуу жайдын жетекчилерине терең ыраазычылык! Алга, Кыргызстан!

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер