КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭРАЗМУС+ ДОЛБООРЛОРУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН ОНЛАЙН КӨРГӨЗМӨСҮ БОЛУП ӨТТҮ

  • 07.11.2020
  • 0

5-ноябрда Кыргызстандагы Эразмус+ долбоорлорунун жыйынтыктарынын онлайн көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмө Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ Офиси тарабынан уюштурулуп, ага Европа Биримдигинин Делегациясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана ЖОЖдордун өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөдө Кыргызстандагы жогорку билим берүү жана эл аралык кредиттик мобилдүүлүк тармагындагы потенциалды көтөрүү боюнча долбоорлордун жыйынтыгы көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Омуров Нурлан “Европа Биримдигинин программаларынын Кыргыз Республикасындагы жогорку билимге тийгизген таасири” докладында, акыркы жылдарда Европа Биримдигинин (ЕБ) Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрдүн катышуусу менен окуу программаларын иштеп чыгуу боюнча долбоорлорунун үлүшү 53% га көбөйгөнүн белгиледи.

“ЕБ линиясы боюнча Tempus жана Erasmus+ программаларынын алкагында 1995-2020-жылдарда ЖОЖдорго болжол менен 8 млн. евролук жабдыктар берилген. Окуу программаларын иштеп чыгуу боюнча долбоорлордун көпчүлүгү инженерия, маалыматтык технологиялар жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында ишке ашкан”, — деп кошумчалады Омуров.

Эразмус+ ЕБнын билим берүү, кадрларды даярдоо, жаштык жана спорт тармактарындагы программасы болуп эсептелет. Программа Кыргызстандагы академиялык алмашуу долбоорлорунун алкагында жогорку билим берүүдөгү реформаларды колдойт.

Академиялык алмашуу: 2015-2020-жылдары Кыргызстандын катышуусу менен 348 долбоор кабыл алынып, алардын 195и каржылоого алынган. Академиялык алмашууга катышкан студенттердин жана мугалимдердин жалпы саны 912.

Магистратура: 2014-2020-жылдар аралыгында Эразмус+ Мундус биргелешкен магистрдик программаларында Кыргызстандан 70 стипендиат тандалып алынган.

Жогорку билим берүү секторундагы потенциалды өстүрүү: Кыргызстандын ЖОЖдору катышкан 18 долбоор тандалып алынган.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер