КЫРГЫЗСТАНДА САНАРИПТИК ОКУУ БОРБОРУ КУРУЛАТ

  • 05.12.2024
  • 0

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана кореялык KOICA агенттиги санариптик окуу борборун куруу боюнча макулдашты.

КЫРГЫЗСТАНДА САНАРИПТИК ОКУУ БОРБОРУ КУРУЛАТ

Министрликтен билдиришкендей, меморандумга Президент Садыр Жапаровдун 2-4-декабрь аралыгында Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлду.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева менен Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти Чанг Вон Сам кол койгон бул документ эки өлкөнүн санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыгынын жаңы этабын ачат.

Протоколдо белгиленгендей, заманбап санариптик окуу борборун куруу каралган, анда актуалдуу санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалаган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана жарандар санариптик билимин тереңдете алышат. Борбор алдыңкы жабдуулар жана программалык камсыздоо менен камсыздалып, окутуу эмгек рыногунун талаптарына жана заманбап технологияларга жооп берет.

Белгилей кетсек, долбоордун жалпы наркы 7 млн долларды түзөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер