КЫРГЫЗСТАНДА PHD ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ИЛИМИЙ КАДРЛАР ДАЯРДАЛУУДА

  • 31.01.2022
  • 0

“Кыргызстанда ушул тапта PhD программасы боюнча лицензиялар берилип, илимий кадрлар даярдалып жатат. Эми аны ишке ашыруу маселелерин талкуулоо зарыл”, — деп билдирди PhD программасын өнүктүрүү боюнча семинарда Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева.

Катышуучулар окутуу сапатынын деңгээлин, макала чыгаруу боюнча жигердүүлүктүн каржыланышын, колдоого алынышын талкуулап, PhD программаларын ачууга уруксат берүүнү илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик программалык-максаттуу каржылоо менен байланышта кароону сунушташты.

Ошондой эле алар талаптарга жооп берген илимий жетекчилердин жетишсиздигин, PhD диссертациясы жөнүндө жобону иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

 КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер