КЫРГЫЗСТАНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ПОЧТА КҮНҮ

  • 07.10.2022
  • 0

Расмий түрдө Бүткүл дүйнөлүк почта күнү жыл сайын 9-октябрда Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун катышуучу өлкөлөрү тарабынан белгиленет.

Бүткүл дүйнөлүк почта күнүн белгилөө 1874-жылы Швейцариянын борбору Бернде башталган. Кыргызстан да Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна киргенден кийин 1993-жылдан баштап белгилей баштады. Бүткүл дүйнөлүк почта күнүн максаты коомдун күндөлүк турмушунда почта секторунун ролун жана анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымын пропагандалоодон турат.

Белгилөөнүн алкагында айрым почта кызматтары жаңы почта өндүрүмдөрүн жана кызматтарын жарнамалоо жана жеткирүү үчүн мүмкүнчүлүк катары пайдаланышат, башкалалар – почта кызматынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин сыйлоо аземдерин өткөрүшөт. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому, өз кезегинде, почта кызматынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин да сыйлайт жана Эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоону өткөрөт.

КЫРГЫЗСТАНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ПОЧТА КҮНҮ

ПОЧТА ЗАМАНБАП ДҮЙНӨДӨ

Жашообузга жаңы технологиялардын жана гаджеттердин келиши менен коом почта кызматтарынын ролун экинчи даражада катары жаңылыш карай башташты. Ошого карабастан, бүгүн дүйнөнүн почта кызматтары – бул компьютерлешкен жана замандан артта калбаган уюмдар. Жыл сайын почта системасына ишти жөнөкөйлөткөн, ошону менен бирге кардарларды тейлөө сапатын жогорулаткан көптөгөн жаңы нерселер киргизилүүдө. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому жаңы технологияларды дайыма ишке киргизген жана калкка финансылык кызматтарды көрсөтүүнү өркүндөткөн Кыргызстандын биринчи почта оператору болуп саналат. “Кыргыз почтасынын” планында маркетплейстер менен кызматташуу жолу менен электрондук соода чөйрөсүндө өнүгүү жана башка өлкөлөрдүн почта кызматтары менен бирге өз филиалдык тармагын кеңейтүү.

Жакынкы жылдарга “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому үч багытты тандады: транс чек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү, ички рынокту өнүктүрүү жана санариптештирүү. Транс чек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү багыты боюнча “Кыргыз почтасы” Кыргызстанга чет өлкөлүк товарларды жеткирүү, ошондой эле ата мекендик товарларды чет өлкөлүк маркетплейстерге чыгаруу үчүн чет өлкөлүк почта кызматтары жана маркетплейстер менен жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошондой эле  “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун негизги ишин өркүндөтүү үчүн чет өлкөдө өз филиалдарын ачууну пландаштырууда.

Ички рынокту өнүктүрүү боюнча, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому тарабынан “Реновация” долбоору иштелип чыкты. Долбоорго ылайык, почта бөлүмдөрүн “калкты тартуу борборлоруна” айландыруу, тактап айтканда аларды кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектри менен көп функционалдуу кылуу пландаштырууда: кичи маркеттер, дарыканалар, кичи КТБлар, маркетплейстерден товарларды кабыл алуу жана берүү пункттары. Аны менен бирге тез жеткирүү үчүн “Кыргыз почтасы” Кыргызстандын түштүгүндө экобайктар менен иштеген “Күлүк экспресс” курьердик кызматын ишке киргизди. “Күлүк экспресс” жакынкы арада республика боюнча иштей баштайт. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому үчүн башка өлкөлөрдүн өнүккөн компанияларынан тажрыйба алуунун жана алмашуунун мыкты мүмкүнчүлүктөрүнүн бири анын Кыргыз Республикасынын  электрондук соода ассоциациясына жакында эле кириши болуп калды. Кыргыз Республикасынын электрондук соода ассоциациясы электрондук соода рыногун жөнгө салуу маселелерине көмөктөшөт, бул өз кезегинде онлайн ишкердиги үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү жана электрондук сооданын керектүү экосистемасын өнүктүрүүнү карайт (ыңгайлуу төлөм системалары, онлайн-кызматтарга жетүү жана башкалар). Бул өнөктөштүк өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн, анын ичинде онлайн сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.

ЭЛ АРАЛЫК ЭПИСТОЛЯРДЫК ЖАНРДАГЫ ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ

Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун эгидасы менен Эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы өтөт. Катышуучу өлкөлөрдүн арасындагы Эл аралык дилбаяндар сынагында биринчи орунду ээлеген катышуучу сыйлоо үчүн Швейцарияга Бүткүл дүйнөлүк почта уюумунун штаб-квартирасына жөнөтүлөт. Кыргызстанда дилбаяндар сынагын улуттук деңгээлде “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөрөт. Бул жылы улуттук дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо Бүткүл дүйнөлүк почта күнүн белгилөө менен Жалал-Абад шаарында өтөт.

Сынак кандай өткөрүлөт? Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун секретариаты жыл сайын теманы тандайт жана болжол менен сынак аяктаганга чейин жарым жыл мурун жарыялайт. Бул жылдын темасы климаттык катастрофа менен байланышкан, ал бүгүн планетаны сактап калуу үчүн абдан маанилүү.

Андан кийин Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун катышуучу өлкөлөрү почта кызматтары аркылуу улуттук деңгээлде дилбаяндар сынагын уюштурат. Бул жылы бул конкурска 51 жыл болот. Акыркы 5 жылда Кыргызстан ага жигердүү катышууда.

Эмне үчүн дүйнөнүн почта кызматтары гана бул сынкаты уюштурушат?

Эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын жыл сайын өткөрүү балдарга жана жаштарга багытталган, анткени сынак коомубузда почта кызматтарынын маанилүү роль ойногондугун таанып билүүгө сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул сынактын негизги максаты жаштарда өз максаттарын жана ойлорун калыптандыруу жана билдирүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат, алардын сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатат, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана ой көркөмдүгүн өнүктүрөт. Жыл сайын дилбаяндар сынагынын катышуучулары көбөйүүдө, бул абдан кубандырат. Мисалы, 2019-жылы 7727 мектеп окуучусу, ал эми 2022-жылы 17 941 мектеп окуучусу катышышты.

Бул сынакты өткөрүүнүн алкагында баалуу байгелер каралган: биринчи орун – ноутбук, экинчи орун – планшет, үчүнчү орун – уюлдук телефон. Бул жылы улуттук деңгээлдеги сынактын жеңүүчүлөрү болуп: биринчи орун — Аттокурова Гүлгаакы, Жалал-Абад областынын Аксы районунун А.Жаныбеков атындагы №46 жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучусу; экинчи орун — Булутбекова Аймээрим, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучусу; үчүнчү орун — Чапкынчиев Бахтияр, Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Н.Бримкулов атындагы инновациялык гимназия мектебинин окуучусу. Республика боюнча башкы байге ээлеринен тышкары дилбаяндар сынагынын эң айырмаланган 15 катышуучулары ардак грамоталар жана 500 жана 1000 өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар менен сыйланат, ал окуучулардын атына почталык которуулар менен жөнөтүлөт. Дагы 13 башка сынак катышуучуларына Катышкандыгы тууралуу  сертификаттар тапшырылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер