КЫРГЫЗСТАНДА 234 БҮТҮРҮҮЧҮ АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛДЫ
- 29.06.2020
- 0
Быйыл «Алтын Тамга» сынагына 1250 талапкер катышып, 234 бүтүрүүчү (19%) артыкчылык аттестатына татыктуу экендигин тастыктады. Өткөн окуу жылында 182 бүтүрүүчү (17%) артыкчылык аттестатын алган.
Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, «Алтын Тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен (дене табын өлчөө, колдорду зыянсыздандыруу, жеке орундуктарды бири-биринен 1,5 метр аралыкта жайгаштыруу, талапкерлердин тыгынын алдын алуу үчүн тестке катышуу убакыттарынын графиктери) бардык облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлдү.
Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү – сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алып жатышты.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер