КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

  • 27.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында Өзбекстан Республикасынын 37 миңден ашуун жараны билим алгандыгын маалымдайт.

Алардын ичинен студенттердин эң көп саны Ош мамлекеттик университетинде — 12 миң 280 студент, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде — 10 миң 136 студент, Кыргыз-Өзбек университетинде — 6 миң 229 студент, Баткен мамлекеттик университетинде — 3 миң 326 студент ж.б.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 25-мартындагы №102 “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Өзбекстан Республикасынын аймагында жашаган этностук кыргыздар үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынан бюджеттик орундар бөлүнөт.
Алсак, 2022-2023-окуу жылына карата кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан Республикасынын жараны болгон 25 этникалык кыргыз Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн сунушталган.
Бөлүшүү

Комментарийлер