КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ВЕНГРИЯНЫН ОРТОСУНДА ЭКИ ТАРАПТУУ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 02.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш-сапарынын алкагында Венгрия өлкөсү менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, жакынкы жылдары генетика, тарых, археология, искусство, маданият жаатында эки тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ВЕНГРИЯНЫН ОРТОСУНДА ЭКИ ТАРАПТУУ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Мындан сырткары, эки тараптуу кызматташуунун шарттарына ылайык, Кыргызстанда венгер таануу институтун ачуу пландалып жатат. Ал эми Венгрияда залкар жазуучу Ч. Айтматовдун аты ыйгарылган сейил бакка анын айкели орнотулат. Венгрия өлкөсүндө улуу инсандын аты кеңири белгилүү  жана “Ак кеме”, “Гүлсарат”, “Биринчи мугалим”, “Жамиля” повестери, “Кыямат”, “Тоолор кулаганда” романдары эң көп окулган адабий  чыгармалардын катарына кирет.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ВЕНГРИЯНЫН ОРТОСУНДА ЭКИ ТАРАПТУУ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана  Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билим берүү жана илим жаатында эки тараптуу келишимге кол коюшкан.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер