КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН РЕКТОРЛОРУ КЫЗМАТТАШУУ ДОЛБООРЛОРУН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 09.06.2022
  • 0

2022-жылдын 8-июнунда Екатеринбург шаарында Кыргызстан менен Россиянын университеттеринин ректорлорунун II форуму өттү.

Форум билим берүү жана илим тармагындагы кызматташууну, евразиялык интеграциянын алкагында кадрларды даярдоону жана ЕАЭБдин бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү талкуулоо максатында уюштурулган.

Форумга Кыргызстандын ЖОЖдорунун 30га жакын өкүлү жана Россия Федерациясынын университеттеринин 60тан ашык өкүлдөрү, эки өлкөнүн профилдик министрликтеринин жетекчилери катышты.

Кыргыз делегациясын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлор Ассоциациясынын төрагасы, профессор Абдылда Мусаев жетектешти. Ал эми Россия тарапты РФнын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Наталья Бочарова жана Россиянын ректорлор союзунун төрагасы, академик Виктор Садовничий жетектеди.

II форумдун жыйынтыгында Кыргызстан жана Россия университеттеринин Ассоциациясын жана студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү боюнча ЖОЖдор аралык долбоорлорду колдоого, жогорку билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү, квалификацияны жогорулатуу, кадрларды кайра даярдоо, жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди өткөрүүгө багытталган 40тан ашык документтерди түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүү

Комментарийлер