КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ГЕРМАНИЯНЫН ОРТОСУНДА ИЛИМИЙ ФОРУМ
- 15.05.2025
- 0
Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында Кыргыз-Герман илим күнүнө арналган форум өтүп жатат.
Иш-чаранын максаты — эки өлкөнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана регионалдык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө өбөлгө түзүү.
Форумда Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Габриэла Геллил жана Германиянын Илим, технологиялар жана космос боюнча федералдык министрлигинин өкүлү Флориан Франк сөз сүйлөштү.
Илим күнүнүн алкагында бир катар баяндамалар жасалып, илимди өнүктүрүү жана каржылоо маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.
Бөлүшүү
Комментарийлер