КЫРГЫЗСТАН ГЕРМАНИЯ МЕНЕН ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ ИНФРАСТРУКТУРАСЫН БЕКЕМДЕЙТ
- 28.05.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов илимий-билим берүү инфраструктурасын модернизациялоо багытында Германиянын Waldner Holding GmbH & Co. KG компаниясы менен стратегиялык өнөктөштүк долбооруна арналган жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Габриэлла Гэллил, Waldner Holding компаниясынын башкы директору Йохен Фрю, ошондой эле өзгөчө макамга ээ болгон өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты.
Жолугушууда билим берүү жана илимий мекемелер үчүн инженердик чечимдерди сунуштаган дүйнөлүк лидер катары таанылган Waldner Holding компаниясы иштеп чыккан заманбап лабораториялык эмеректер жана жабдуулар менен жогорку окуу жайларын камсыздоо долбоору кеңири талкууланды.
Министр натыйжалуу окуу процесси үчүн негиз катары ЖОЖдордун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүнүн, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жана инновациялык чечимдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал долбоорду ишке ашыруунун практикалык механизмдерин, анын ичинде эл аралык гранттарды колдонуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана башка альтернативалуу каржылоо булактарын издөөгө чакырды.
Б.Орозов ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы Жарлыгына ылайык түзүлгөн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маанисине токтолуп, бул министрлик илимий чөйрөнү жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган аракеттерди координациялоону, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү максат кыларын белгиледи.
Waldner Holding компаниясы кыргыз тарап менен кызматташууну улантууга даяр экенин билдирип, бул багыттагы өнөктөштүктүн жогорку потенциалын баса белгиледи. Өз кезегинде Германиянын элчиси илим, жогорку билим берүү жана инновациялар тармагында эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер