“КЫРГЫЗСТАН АЗ КАНДУУЛУККА КАРШЫ”

  • 04.05.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде “Кыргызстан аз кандуулукка каршы” аттуу көргөзмө жүрүп жатат.

“КЫРГЫЗСТАН АЗ КАНДУУЛУККА КАРШЫ”

Көргөзмөнү “Жарандык Альянс” уюштуруп, анда туура тамактануу, пайдалуу азыктарды тандоо, азык-түлүк коопсуздугу жана  акыркы кездерде көп кездеше баштаган туубаса кемтик менен төрөлгөн балдардын сүрөттөрү камтылган. Көргөзмөнүн ачылышында “Жарандык Альянстын” мүчөсү Халида Аманова министрликтин кызматкерлерине туура, жакшы тамактануу, кош бойлуу энеге, ымыркай балага мамиле кылуунун жолдору тууралуу кенен маалымат берди.

  • “КЫРГЫЗСТАН АЗ КАНДУУЛУККА КАРШЫ”
  • “Жарандык Альянс” 2014-жылдан бери элдин туура тамактануусу жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн күрөшүп келет. Азыр туубаса кемтик менен төрөлгөн балдардын саны кескин көбөйүп кетти. Анын бирден бир себеби аз кандуулук болуп жатат. Төрөт курагындагы аялдардын 35%, балдардын 43% аз кандуулук менен жабыркашат. Азыр ар бир бешинчи бала аз кандуу деп айтсак болот. Албетте, андай балдар жакшы окуй албайт, жакшы окубаган баланын келечеги жок болот. Бул болсо үй-бүлө жакырчылыктан чыкпайт дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан биз элге туура тамактануу боюнча маалымат жеткирүү максатында ушундай көргөзмөнү уюштуруп жатабыз. Бүтүндөй мамлекетти кыдырып чыгабыз, — дейт Халида Аманова.
Бөлүшүү

Комментарийлер