КЫРГЫЗПАТЕНТ КМТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШ

  • 23.04.2024
  • 0

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Интеллектуалдык менчик кафедрасы ачылат. Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директорунун орун басары Марко Алеман менен КМТУда өткөн жолугушуусунда билдирди.

КЫРГЫЗПАТЕНТ КМТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШ

 

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө алдыда ишке ашырыла турган бир топ долбоорлор бар экендигин белгиледи.

— Ишке ашыра турган бир топ долбоорлорубуз бар, анын ичинде интеллектуалдык менчик кафедрасын ачуу да каралган. Бул баарыбыз үчүн, айрыкча жогорку окуу жайлар үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Биз бир организмдей болуп инновация боюнча жүргүзгөн саясатты дүйнөлүк рынокко шартташыбыз керек. Алдыда мерчемделип жаткан алдыңкы пландар, бүгүнкү аракеттер тунук, таза, системалуу болууга тийиш. Анын катарында университетте Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик кафедрасын ачуу максатыбыз да бар. Бул изги тилектер ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем” — деди Рахат Керимбаева.

Кыргызстанга Женевадан улуттук форумга катышууга келген Марко Алеман жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө жогорку окуу жайлары интеллектуалдык менчикке кимдер укуктуу экенин гана түшүндүрүүчү жайы эмес, коммерциялаштыруу механизмдеринин ордосуна айланууга тийиш экендигин белгилеп өттү.

Эске салсак, Кыргызпатент И.Раззаков атындагы КМТУ менен көптөн бери тыгыз кызматташып келет. Буга чейин университеттин базасында Кыргызпатенттин көмөгү менен Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору ачылган.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер