КЫРГЫЗПАТЕНТ ИМ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕ ЭЛЕКТРОНДУК ӨТҮНМӨ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ СИСТЕМАСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

  • 17.11.2020
  • 0

Кыргызпатент төмөнкү интеллектуалдык менчик объектилери боюнча электрондук өтүнмө берүүнүн жаңы системасын ишке киргизди: автордук укук, чектеш укуктар, товардык белгилер, тейлөө белгилери, ЭЭМ үчүн программалар, маалымат базалары, интегралдык микросхемалардын топологиясы, ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товар өндүрүлгөн жердин аталыштары, селекциялык жетишкендиктер, салттуу билимдер, рационализатордук сунуштар.

Аталган сервистин ыңгайлуугу учурдагы пандемия шартында аралыктан жүргүзүлгөндүгүндө, убакытты үнөмдөйт жана кагаз түрүндө иш жүргүзүү түйшүгүнөн арылтат.

Өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасы менен иштөө үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:

http://patent.kg/…/%d1%8d%d0%bb%d0%b5%d0%ba%d1%82%d1…/

же www.patent.kg сайтынан “Электрондук өтүнмө берүү” бөлүмүнө кириңиз.

Өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасына мүмкүндүк алуу үчүн төмөнкү аракеттер жасалууга тийиш:

  1. Квалификацияланган электрондук колтамганы (КЭК) пайдаланып, КЭК менен арызды толтуруп, Сиз интеллектуалдык менчик объектин электрондук түрдө каттоого арыз бере аласыз.
  2. Квалификацияланган электрондук колтамганы (КЭК) пайдаланбастан – КЭКсиз арызды толтуруп, Сиз статустарды жана кат жазышууларды карап чыгуу үчүн өзүнүздүн өтүнмөгө мүмкүндүк алсаңыз болот, ал эми расмий арыздар үчүн Кыргызпатентке колтамга менен кагаз түрүндөгү арызды берүүнүз зарыл.
  3. Эгер сизде системага кирүү үчүн логин жана пароль болсо, БИАС системасында эсептик жазуусун пайдалануу менен БИАСтын ЖЕКЕ ИШ БӨЛМӨСҮНӨ киресиз.
  4. БИАС системасында каттоодон өтүү үчүн төмөнкү шилтеме боюнча киресиз: http://wiki.ordo.gov.kg/doku.php?id=iis-user-regже өзүңүздүн район боюнча Калкты тейлөө борборуна кайрыласыз.

Кыргызпатентке өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасын пайдалануу нускамасына шилтеме:

http://patent.kg/wp-content/uploads/2020/09/%D0%9D%D1%83%D1%81%D0%BA%D0%B0%D0%BC%D0%B0.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер