КЫРГЫЗ ЖАНА АВСТРИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 30.09.2022
  • 0

2022-жылдын 28-сентябрында Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов Австриянын eee Austria International projects GmbH делегациясы менен билим берүү тармагындагы долбоорлорду, Австриядан каржылоо мүмкүнчүлүгү жана жеңилдетилген насыя берүү менен электрондук чечимдерди ишке ашыруу планын талкуулады.

Ошондой эле тараптар 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиянын VIII отурумунун жана кыргыз-австрия бизнес-форумунун маселелерин карап чыгышты.

Жолугушууга Австриялык делегациянын курамында eee Austria International projects GmbH башкаруучу директору Стефан Дюсс (Stefan Düss) жана eee Austria International projects GmbH долбоорун иштеп чыгуучу Давид Винклер (David Winkler) катышты.

КЫРГЫЗ ЖАНА АВСТРИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ КЫРГЫЗ ЖАНА АВСТРИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ КЫРГЫЗ ЖАНА АВСТРИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ КЫРГЫЗ ЖАНА АВСТРИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер