КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КОКОН МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН ОРТОСУНДА БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ
- 16.11.2020
- 0
Кыргыз-Өзбек университети менен Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде эл аралык байланышты күчөтүү максатында Кыргыз-Өзбек университетинде Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун бир айлыгы жарыяланды.
Ошондой эле Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунда дагы Кыргыз-Өзбек университетинин бир айлыгы жарыяланып, учурда КӨУнун профессор-окумуштуулары атайын конок лекцияларды онлайн форматта окуп жатышат.
Жарыяланган бир айлыктын негизинде түзүлгөн планга ылайык педагогикалык багыттар боюнча Кокон мамлекеттик педагогикалык институту тарабынан 10 конок лекция, ал эми Кыргыз-Өзбек университети тарабынан 15 конок лекция окулат. Андан сырткары кафедралык окуу-усулдук кеңештер, тарбиялык маанидеги маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлөт.
Комментарийлер