КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ БҮТҮРҮҮ АЗЕМИН ОНЛАЙН УЮШТУРДУ

  • 08.06.2020
  • 0

Кыргыз-Өзбек университетинин   2019-2020-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө  Zoom платформасынын жардамында онлайн «Бүтүрүү аземи» уюштурулду. Аталган аземге университеттен 300дөн ашуун бүтүрүүчү катышты.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ  БҮТҮРҮҮ АЗЕМИН ОНЛАЙН УЮШТУРДУ

Иш- чарага университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сарыков Сыргак модераторлук кылды. Алгач ректор Райымбаев Чаткалбай учурдагы кырдаалга токтолуп, бүтүрүүчүлѳргө куттуктоосун жолдоду.

— Бүгүн, биз сиздерди куттуу уябыздан учуруп жатабыз. Силер университетти аяктап, жаңы турмуш жолуна аттанып жатасыңар. Турмуш жолуңар байсалдуу болсун. Бизден алган билимди, тарбияны өз турмушуңарда натыйжалуу колдоносуңар деген  үмүттѳбүз. Мындан нары дагы билимиңерди жогорулатуу үчүн магистратурага, аспирантурага тапшырып, келечегиңерге кам көргүлө. Билим уяңарды унутпай байланышта болуп тургула, силер биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүзсүңөр!, — деген каалоо-тилегин билдирди.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ  БҮТҮРҮҮ АЗЕМИН ОНЛАЙН УЮШТУРДУ

Андан соң билим берип, акыл-насаатын айтып турган жалпы профессордук-окутуучулар жамаатына да ыраазычылык сөзүн айтты.

КӨУнун түзүм жетекчилерине куттуктоо үчүн сөз берилип, алар  бүтүрүүчүлөргө кыргыз эли сыймыктанган кыргыздын уул-кыздарынан болушуна тилектеш экенин билдиришип ак жол каалашты.  Бүтүрүүчүлөр тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жетекчилер жооп берип, жыйынтыгында жетекчиликке,  мугалимдер жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү абалга байланыштуу бул окуу жайдын студенттери дагы  жыл жыйынтыктоочу сынактарын онлайн режиминде тапшырып жатышат. Ошондой эле бүтүрүүчү курстар  бүтүрүүчү квалификациялык иштерин жана мамлекеттик сынактарын Zoom  платформасынын жардамында онлайн тапшырышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер