КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!

  • 28.05.2024
  • 0

                                                                                Кымбаттуу келечек ээлери, урматтуу ата-энелер!

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!

Рынок экономикасынын шартында бардар турмушка жеткире турган кесип ээси болууну ар бир жаш бала, анын ата-энеси каалай тургандыгы талашсыз. Өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошуп, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен болгон карым-катышта кызмат көрсөтүүнү максат кылган мекенчил жаштарыбыз көп экендиги шексиз. Себеби, биз технологиялык башкаруу доорунда, билимдүүлөрдүн заманында жашап жатабыз. Жогорку билим аркылуу дүйнөлүк маданияттын мыкты үлгүлөрүн улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө ылайыкташтырып модернизациялоого барбасак, ааламдашуу алкагында улут катары жашап, эгемен мамлекетибизди сактап калуу мүмкүнчүлүгүбүз чектелип калышы ыктымал. Ошондуктан кесиптик билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына мамлекет тарабынан мезгил талабына жараша билим берүү тапшырмасы коюлган.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!

30 жылдык тарыхы бар Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети кыска убакыттын аралыгында өлкөбүздөгү, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү кадр таңкыстыгын кыскартуу багытында жемиштүү иш жүргүзгөн жогорку окуу жай катары таанылды. Биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда эмгектенип, адамзат коомунун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп жаткандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Кымбаттуу жаш достор! Жогорку кесиптик билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан окуу жайлар жергебизде көп. Ал окуу жайлардын катарында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Ош жергесиндеги эл аралык статусу бар жалгыз университет. Жаңы муундагы кадрларды даярдап чыгарууда 1+1, 2+2 программасы аркылуу башка өлкөлөрдүн университеттери менен биргелешип билим берүүнүн жыйынтыгында, кош диплом берүү мүкүнчүлүгүнө жетишкен өзгөчө окуу жай. Эртеңки келечек үчүн керектүү кадр болууну самаган болсоңуз – туура тандоо эртеңки турмушуңуз үчүн маанилүү учур болуп эсептелет. Мезгил талабына жараша сапаттуу билим алуу ар бир адамдын алдына койгон максаттарын иш жүзүнө ашырууга зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Келечек тагдыры үчүн мыкты максат коё билген бүтүрүүчү, анын ата-энеси биздин университетти тандайт деген терең ишеничтемин. Анткени Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети ар бир адамдын аруу тилектерин ишке ашырууга ишенимдүү жол ачат. Достуктун туусун желбиретип, илим-билимдин, интеллектуалдык-маданияттын ордосуна айланган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эшиги жаңы көз караштагы жаштар үчүн ар дайым ачык.

                               Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович 

    

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!                           

                                                                                                              Университет

Окуу жай 1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи болуп ачылып, 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университети статусун алган.  2021-жылдын 15-январындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 25/1 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, философия илимдеринин доктору Батыралы Сыдыковдун аты берилип, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети деп өзгөртүлгөн.

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети этностор аралык ынтымакты бекемдеп, негизги миссиясы болуп саналган кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы карым-катнашты, достукту, илим-билим, маданият аркылуу жигердүү ишке ашырып келет. Быйыл 2023- жылдын август айындагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, илим-билимдин, маданияттын жана достуктун куттуу ордосу болгон Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине “Достук” ордени ыйгарылды.

 

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!

                                                                              Окуу процесси заманбап кааналарда жүргүзүлөт

Отуз жылдык тарыхы бар Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек
Эл аралык университетиндеги окуу процесси Ош шаарындагы жети,  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы эки  окуу имаратынын интерактивдүү доскалар жана проекторлор менен камсыздалган  заманбап кааналарында жүргүзүлөт. Адистик өзгөчөлүгүнө жараша акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздалган лабораториялар, интернет желесине уланган компьютердик класстар, инновациялык технологиялар менен жабдылган мультмедиалык кааналар окуу ишмердигинде пайдаланылат.  300 миң нусканын тегерегиндеги китеп фондунан турган китепканалар студенттердин кызматында. Окуу процессин уюштуруп, башкаруу үчүн AVN маалыматтык системасы жайылтылган. Анын алкагында окуу процесси жана  Kelbil билим берүү платформасы толук автоматташтырылган. Жаштардын тил билүү жөндөм-шыгын өнүктүрүү багытында университеттин базасында TOEFL борбору ачылган.  Түрк тилин үйрөтүүчү TOMER  окуу борбору менен келишим түзүлгөн. Ош жергесинде жашаган элдердин байыртан бери келе жаткан достугун чагылдырган тарых музейи, Тил жана Айтматов таануу, Манас таануу борборлору окуу жараянында пайдаланылат. Илимий ишмердиктин натыйжасы катары университетибизде таанымал окумуштуулар тарбияланып чыгып, туруктуу илимий мектептер түптөлдү.  Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышы аркылуу таанылган тогуз илимий борбордон турган инновациялык изилдөө институту негизделди. Ал илимий борборлордо 43 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар изилдөө иштерин алып барууда.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!

 

                                                                              Профессордук-окутуучулар курамы

 Бүгүнкү күндө профессордук-окутуучулар курамы чарбалык иштердеги кызматкерлерди кошпогондо 416 адамдан турат. Алардын 54ү илимдин кандидаты, доценттер, 14ү илимдин доктору, профессорлор. Алардын катарында эл аралык деңгээлдеги академиктер да бар. Студенттердин илимий изилдөө ишмердигин өнүктүрүү багытында түрдүү кружоктор иш алып барат.   Атайын семинарлар, аймактык, республикалык жана эл аралык  илимий конференциялар уюштурулуп турат. Натыйжада, студенттерибиз аймактык, республикалык  предметтик олипиадаларда мыкты көрсөткүчтөргө ишенимдүү жетишет.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!

                                                                                     Билим берүүдөгү биргелешкен аракеттер

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн 70тен ашуун жогорку окуу жайы жана илимий мекеме, Кыргызстандын кырктан ашуун университети менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, алар менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.   Келишимдин негизинде университет эл аралык ректорлор форумдарына, онлайн жана расмий жолугушууларга, билим берүү көргөзмөлөрүнө, семинарларга үзгүлтүксүз катышып турат. Университеттин базасында чет өлкөлүк белгилүү окумуштуулардын катышуусундагы эл аралык конференцияларды өткөрүү салтка айланган.

Д.Устинов атындагы “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университети менен  2+2, 1+1 программалары жүзөгө ашырылат. “ТҮРКСОЙ” – Түрк маданиятынын эл аралык уюмуна, түрк кеңешинин Түрк университеттер ассоциациясына, Россия — Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумуна, Азия университеттеринин ассоциациясына, Азия-Африка университеттеринин биримдигине мүчө болууга жетишкен. Алар менен түзүлгөн келишимдин негизинде: Орхун, Mevlana, Erasmus+, EDUVISO, DAAD, UNESCО программалары жүзөгө ашырылат. Анын алкагында Грециянын, Түркиянын, Венгриянын, Россиянын, Казахстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларына академиялык мобилдүүлүк уюштурулуп турат. Ошондой эле ал өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда эмгектенген көрүнүктүү окумуштуулар тарабынан конок лекциялар, инновациялык семинарлар тынымсыз өткөрүлүп турат.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!

                                                Студенттер окуудан сырткары бош убактысын өткөрүү үчүн түзүлгөн шарттар

Студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын маданий эс алуусун камсыздоо максатында маданий-массалык, спорттук иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ал эми жалпы студенттердин бош убактыларын натыйжалуу пайдалануу багытында университеттин маданий-эстетикалык борбору тарабынан таланттуу студенттер үчүн “комуз”, “ыр”, “улуттук бий” ийримдери уюштурулган. Студенттик жаштар комитети, “Интеллектуалдар” борбору, “Достук” чыгармачыл жаштар борбору студенттер менен тыгыз иштеп келет. Жакында эле башкы окуу имаратыбызда акысыз Wi-Fi түйүнү менен камсыздалган эс алуу борборун ишке киргиздик. Спорттук иш-чаралар үчүн  “Достук” спорт клубу иш алып барат. Спорттук секциялар үчүн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы түзүлгөн. Спорт багытында түзүлгөн мыкты шарттын натыйжасында университеттин студенттери да, окутуучулары да шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып турушат. Алыскы аймактардан келип окуган студенттер    мезгил талабына жараша жабдылган студенттик жатаканага жайгаштырылат. Университеттин ар бир окуу корпусунда студенттик ашканалар иштейт. Студенттик “Достук планетасы” газетасы ай сайын чыгарылып, “Достук” телестудиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин чагылдырып турат. Бүгүнкү күндө 15 миңге чукул студент университеттин күндүзгү жана сырткы бөлүмдөрүндө билим алууда. Алардын алты миңден ашууну алыскы жана жакынкы чет өлкөлүк студенттер.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – ЖАҢЫ ДООРДУН АЛТЫН ТУТКАСЫ!

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети рынок шартындагы атаандаштыкка  туруштук берип, өз ордун таба турган кесипкөй адистерди даярдаган уникалдуу университет. Келечегиңдин пайдубалын ишенимдүү түптөгүң келсе, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетиндеги мүмкүнчүлүктөрдү пайдалып калууга шашыл! Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – технологиялык башкаруу доорундагы билим берүү талаптарын так аткарган университет!

Бөлүшүү

Комментарийлер