КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ АРНАЛГАН КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ

  • 13.02.2019
  • 0

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тилдик саясатты жакшыртуу максатында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан «Кыргыз тили», «Сөздүктөр» жана «Классикалык изилдөөлөр» сериясынын алкагында жарык көргөн эмгектердин бет ачары 13-февралда КРУИАда болот.

Бул институт тарабынан 2015-2018-жылдар аралыгында жалпы 44 китеп даярдалды. Алар фонетика, грамматика, синтаксис, лексикология жана кыргыз тилинин диалектологиясы боюнча жазылган эмгектер. Кыргыз тилчилеринин совет доорунда жазып кеткен классикалык эмгектери өзгөчө баалуу. Сейректикке айланган бул китептер эскирип, жаңыртууну талап кылып калган. Ошол маселени чечүү максатында алардын жаңы басылышы даярдалып, чыгарылды. Булардан тышкары, сунушталып жаткан китептердин арасынан Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагындын эмгектери менен да таанышууга болот.

Иш-чарада Мамлекеттик  тил жана улуттук идеология сериялар боюнча чыккан 3 томдукка кирген окумуштуулар Б.М. Юнусалиев, Б.О. Орузбаева, С.А. Давлетов жана К.Д. Дыйкановдун кыргыз тилинин өнүгүшү боюнча жана улуттук идеологияны чагылдырган эмгектери мамлекеттик тилдин өнүгүшү менен тил саясатында жүрүшкөн журналисттерге, жазуучуларга өзгөчө пайдалуу. Алар окумуштуулардын жазгандарынан кыргыз элинин өздүүлүгүн (идентичностун) жана улуттук идеологиянын маселелерин көтөрө алышат. Ошондой эле институтта жарык көргөн кыргыз тилине байланыштуу бардык илимий макалалардын жана китептердин көргөзмөсү уюштурулат.

Иш-чарага Президенттик аппараттан, Жогорку Кеңештен, Өкмөттүн аппаратынан, министрликтерден, окмуштуулардан, тилчилерден жана ЖОЖдордон коноктор чакырылган.

Маалымат үчүн:

2015-2018-жылдары басылган эмгектер:

  1. Байыркы түрк сөздүгү. I том (А-Б тамгалары). Бишкек: Полиграфбумресурсы, 2017. – 480 б. (жооптуу редактор Сыдыков Т. ).
  2. Классикалык эмгектер. Махмуд Кашкари. Түрк тилдер сөздүгү. 1- том. Бишкек, 2017. Которгондор: Т. Токоев, К. Кошмоков
  3. Классикалык эмгектер. Махмуд Кашкари. Түрк тилдер сөздүгү. 2-том. Бишкек, 2017. Которгондор: Т. Токоев, К. Кошмоков. –
  4. Классикалык эмгектер. Махмуд Кашкари. Түрк тилдер сөздүгү. 3-том Бишкек, 2017. Которгондор: Т. Токоев, К. Кошмоков.
  5. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү Түз. Ж.Осмонова, К.Конкобаев, Ш.Жапаров. – Б.: “Имак Офсет”, 2015. – 800 б.
  6. Кыргыз тилинин синонимдер сѳздүгү. (1984) оӊд. – Б.: “Бийиктик” 2015. – 350 б
  7. Кыргыз тилинин омонимдер сѳздүгү 2-бас.– Б.: “Бийиктик” 2015. – 392 б.
  8. Кыргыз тилинин антонимдер сѳздүгү 2-бас.– Б.: “Бийиктик” 2015. – 272 б
  9. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү I-том.  Бишкек, 2015.
  10. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү  II-том.  Бишкек, 2015. –
  11. Кыргызча- орусча сөздүк. Бишкек 2015.-
  12. Орусча-кыргызча сөздүк. 1-том. Бишкек  2015
  13. Орусча-кыргызча сөздүк 2-том. Бишкек    –
  14. Кыргызча-орусча-дунганча сөздүк. Бишкек, 2015, 704 б
  15. Кытайча-кыргызча сөздүк Түз. А.Саспаев. Б.: “Бийиктик плюс”, 2015. – 936 б.
  16. Кыргызча-арабча сөздүк. Арабча-кыргызча сөздүк Түз: Р.Сатаров,Ж.Кочкорбаева – Б.: “Аврасия Пресс”, — 2015, 912 б
  17. Карасаев Х.К. Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү. – Б.: “Бийиктик” 2015. -640 б
  18. Кыргызча-англисче сөздүк . Кыргызча-өзбекче сөздүк. Бишкек 2015
  19. Кыргыз тилинин жыштык сөздүгү. Бишкек
  20. Ж. Чыманов Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун методологиясы –Б.: “Кут бер”, 2015.-344 б.  
  21. Биялиев К. А. Кыргыз тилин чет тили катары окутуунун методологиясы –Б.: “Кут бер”, 2015.-360 б. —
  22. Рысбаев С . Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун методологиясы  “Аврасия Пресс”  Б. 2015
  23. Азыркы кыргыз тили. Лексикология. Бишкек, 2015. А.Сапарбаев
  24. Кыргыз тилинин жазма грамматикасы, Азыркы кыргыз адабий тили. – Б.: “Аврасия пресс”,2015. – 704 б.
  25. Азыркы кыргыз тили. Стилистика. – Б. 2015, 256 б.
  26. Элчиев Ж. Азыркы кыргыз тили. Семантика. – Б.  Имак офсет, 2015, 204 б.
  27. Токтоналиев К., Токоев Т. Азыркы кыргыз тили. Синтаксис. –Б.: “Бийиктик плюс” 2015, -296 б.
  28. Ж.Жумалиев Азыркы кыргыз тилинин диалекттери Б. 2015
  29. Азыркы кыргыз тили: (Морфология) –Б.: “Бийиктик плюс” 2015, -324 б.-
  30. Токтоналиев К., Садыков Т. Азыркы кыргыз тили: фонетика жана фонология –Б.: Имак офсет, 2015. -360 б.
  31. Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.: 2015.-256 б.
  32. Садыков Т., Жумалиева Г.Э., Түмөнбаева М.Ж., Шаршембаев Б. Кыргыз тилинин компьютердик лингвистикасынын негиздери. –Б: “ИМак Офсет, 2015. – 400
  33. Абдысадыр уулу А. Байыркы кыргыз тилинин жазма эстеликтеринин корпусу. – Б.: “Улуу тоолор”, 2015. – 512 б
  34. Баласагын Жусуп. Куттуу билим: 3-том \Кыргыз тилине которгон С.Сыдыков. Б., 2016. – 532 б.
  35. Баласагын Жусуп. Куттуу билим: 2-том \Кыргыз тилине которгон С.Сыдыков. Б., 2016. – 540 б.-
  36. Баласагын Жусуп. Куттуу билим: 1-том \Кыргыз тилине которгон  С.Сыдыков. Б., 2016. – 580 б.-
  37. Улуттук идея – тилде. 1-том. Түз. Г.З.Жамашева., Ч.К.Дыйканова. – Б.: “Полиграфбумресурсы”, 2017. – 496 б. –-
  38. Улуттук идея – тилде. 2-том. Түз.Д.Ибраева, Райым кызы А. – Б.: “Полиграфбумресурсы”, 2017. – 450 б. –
  39. Улуттук идея – тилде. 3-том. Түз. И.Абдувалиев., Т.Сыдыкова. – Б.: “Полиграфбумресурсы”, 2017. – 480 б. –
  40. Классикалык эмгектер.  Морфология. Бишкек, “KIRLand” – 2017. (Түзгөндөр: Жунушалиева Г., Исраилова Д., Конурбаева Р., Мусулманкул к. А.).
  41. Классикалык эмгектер. Лексикология. Бишкек, 2017. Түзгөн Абдувалиев И.
  42. Классикалык эмгектер.  Фразеология. Бишкек, 2017.  Түзгөндөр: Давлетов М., Султангазиева Ж
  43. Классикалык эмгектер. Сөз курамы жана диалектология. Бишкек, 2017.Түзгөндөр: Абдувалиев И. Курманалиева Т.  .
  1. Классикалык эмгектер. Синтаксис. Бишкек, 2017.  Түзгөндөр: Ибраева Д., Исмаилова З.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер