Кыргыз тилин окутуунун мыкты усулдары жайылтылат

  • 10.01.2024
  • 0

Кыргыз тилин окутуу боюнча мыкты методисттердин усулдары бүтүндөй республикага жайылтылат. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн кыргыз тилчилердин жолугушуусунда белгилүү болду.

Чакан жолугушууга министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, “Тилclub” борборунун жетекчиси Гүлмира Дүйшеева, И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары Гүлүмкан Садыкова жана Назгүл Масалиева катышты.

Расул Абазбек уулу кыргыз тилин окутуу өз  натыйжасын бербей жатканын баса белгилеп, мыкты усулдарды республика боюнча жайылтуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, стандарттарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын тез арада чечүү керектигин белгилеп, окутуучуларга тыгыз кызматташуу менен бирдиктүү усулдарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Эльвира КАКИЕВА

Бөлүшүү

Комментарийлер