КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮН ЗАМАНБАП КОЛДОНМОЛОРУ

  • 05.02.2019
  • 0

Өлкө башчы С.Жээнбековдун “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” Жарлыгына ылайык,  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кыргыз тилин заманбап технологияга шайкеш келтирүү максатында 2018-жылы төрт долбоорду ишке ашырган эле. Атасак, үч, төрт, беш жаштагы балдар үчүн “Бал тил 1” жана башталгыч класстар үчүн “Бал тил 2” интерактивдик жана мобилдик колдонмолорду чыгарды. Мындан тышкары текстти үнгө айландыруу үчүн жасалма интеллект аркылуу программалык аппарат түзүлдү. “Мамлекеттик тилди үйрөтүүдө заманбап маалымат технологияларын колдонуу” аталышындагы журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору Назаркул Ишекеев менен «Улут Soft» компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов колдонмолор тууралуу  айтып беришти.

Маалымат жыйынында Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын алкагында заманбап технологиянын мүмкүнчүлүктөрүнө кыргыз тилин шайкеш келтирүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 2018-жылы аткарылган төмөнкү иштер боюнча сөз болду.

“Бал тил” колдонмолор сериясы

КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮН ЗАМАНБАП КОЛДОНМОЛОРУ

Мектеп курагына чейинки (3-5 жаш) жана башталгыч класстагы (6-10 жаш) балдар үчүн “Бал тил 1” жана “Бал тил 2” аталыштарындагы мобилдик колдонмолор иштелип чыкты.

КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮН ЗАМАНБАП КОЛДОНМОЛОРУ

Мобилдик колдонмолор балдардын кыргыз тилин жеңил үйрөнүүсүнө көмөк көрсөтөт. Аларда сүрөттөр, анимациялар, аудиолор жана логикалык оюндар камтылган. Продукттар “Бал тил 1” жана “Бал тил 2” аталышы менен Android жана iOS платформаларына жайгаштырылды.

  • Бүт аалам, дүйнө, планета бир ай сыяктуу болуп калды. Анткени маалымат мейкиндиги абдан кеңири жана чексиз. Ал эми маалымат алуунун ыкчамдык тестиги дагы бүгүнкү күндөгү биз кабыл алып жаткан мезгил болуп турат. Жаңы технологиянын заманы үстөмдүк кылып турган маалда мамлекеттик тилди ошол маалымат технологияларга айкалыштыруу, жалгаштыруу маселеси күн тартибинде. Бүгүн биз өнөр жайдын өнүккөн доорунда иштеп атабыз. Босогодо кибернетика өнөр жайынын заманы келатат. Ушундай чакта өнүккөн тил катарында  кыргыз тил дагы жаңы технологиянын багыты менен жашоого, өнүгүүгө милдеттүү. Ушул багытта жаңы долбоорлор ишке ашты. Билим берүү тармагында көп проблемалар бар. Анын башаты бала бакчаларда билим берүүнүн сапатын көтөрүү, аны жаңы маалымат технологиялар менен жабдуу бүгүнкү күндүн заман чакырыгы. Беш, алты, он жаштагы балдардын көтөрүп жүргөн уюлдук телефонуна  кыргыз тилин үйрөтүүчү каражаттарды, куралдарды салып берүү эң зарыл болуп турат. Бүгүн биз балдарды эне тилдин, улуттук баалуулуктардын алкагында тарбиялай алсак, анда алар иденттүүлүгүн тааныйт. Ошол баалуулуктардын алкагында чоңоет. Эртең өзүнүн эл-жерине кызмат кылган, өзүнүн Мекенин сүйгөн мекенчил инсандар калыптанат. Эгер биз ошол мейкиндиктен баланы ажыратып салсак, анда биз көптөгөн өксүктөргө тушугабыз. Ушул өңүттөн караганда, курч турган маселени четинен чечели деп алгачкы саамалык кадамдарды жасадык. Ошондуктан бул “Бал тил 1”, “Бал тил 2” мобилдик тиркемелери  биздин ата-энелердин, мектептин башталгыч мугалимдеринин ишине көмөк бере турган жакшынакай курал болуп калаарына мен терен ишенем, — деди Н.Ишекеев.
  • КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮН ЗАМАНБАП КОЛДОНМОЛОРУ

“Бал тил 1”, “Бал тил 2” колдонмону кызыккан ар бир жаран балдары үчүн көтөрүп жүргөн смартфон телефонуна плей маркет деген платформасы боюнча көчүрүп алса болот. Айрыкча, 1-5-класстын окуучуларына ыңгайлашкан “Бал тил 2” тиркемесинде мектеп программасындагы эсеп чыгаруу же сөз тору деген оюндары дагы бар.

КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮН ЗАМАНБАП КОЛДОНМОЛОРУ

«Улут Soft» компаниясынын жетекчиси Мирбек Океновдун айтуусу боюнча, бул колдонмолордун үстүнөн бир жыл бою 12 кишиден турган команда иштеген. Бул топту жетектегендер,  чет мамлекетте билим алып,  жаңы технологиянын тилин билген жаш адистер.

  • Балдардын кабыл алуу деңгээли менен технологиянын бизге берген мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырып, күнүбүздүн талабына жараша продукт чыгарганга аракет кылдык. “Бал тил 1” колдонмонун эң негизги өзгөчөлүгү -графикалык сүрөттөр. Ар бир элементи башынан оңой көрүнөт. Мисалы, эчкинин, түндүктүн сүрөтү же болбосо аюнун көзү, мурду, кашына чейин сүрөттө тартылып, атайын биз белгилеген стратегиянын негизинде иштелип чыкты. Бул көлөмдүү бир жумуш болду. Программа иштелип жатканда ар бир модуль чыккан сайын ошол жаштагы балдарга ойнотуп көрүп, көрсөтүп, кабыл алуусуна ылайыкташтырдык. Же болбосо кээ бир нерселерди балдар ойнобой коюушу ыктымал. Андыктан балдар эмнеге кызыгат, эмнеге көбүрөөк көңүл бурат деген тесттердин негизинде бир жыйынтыктоочу программа иштеп чыктык. Программалык иштер, программалык каражаттар —  бул көркөм өнөр сыяктуу эле. Биз сыймыктана турган  “Бал тил 1”, “Бал тил 2” колдонмолору бөбөктөр үчүн, алардын кабыл алуусуна ыңгайлаштырган программа. Азыркы учурда орточо эсеп менен ар бир баланын чөнтөгүндө бирден телефон бар.  Үйдө бала ыйлабасын деп колуна ата-эне берип коет. Эми ойноп турсун дебей, тил үйрөнсүн, жалпы түшүнүктөрдү үйрөнсүн дегенге мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, мен кызыма карама-каршылык оюндарды ачып берсем, ал азыр жарык менен караңгыны билип алды, — дейт Мирбек Окенов. – Улуттук тил комиссиясы менен иштегендиктен сөз байлыкты кеңейтүүгө маани бердик. Бала канчалык көп сөздү билсе, ошончолук тилди туура колдонгонго өзүнүн түшүнүгүн, оюн туура түшүндүрүп берүүгө шарт түзүлөт. “Бал тил 2” программасынын алгачкы этабында 220 жакын сөз камтылды. Бул оюн менен коштолот. Балдарга кызыктыруунун жолу – бул оюн. Буюрса, келечекте колдонмолорду кеңейтип, башка интерактивдик бөлүкчөлөрдү же модулдарды кошолук деген ниет бар.

Колдонмолорду иштеп чыккандардын айтуусу боюнча, “Бал тил 1” программасында түстөр, геометриялык фигуралар, сандар камтылса, “Бал тил 2” жаныбарлардын түрлөрү киргизилген. Албетте,  бардыгын камтыганга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

—  Программалык аппараттар ийкемдүү, ар кайсы булактардан сунуш-пикирлер келип атат.  Айлык же үч айлык деңгээлде болобу сунуштарды топтоп, кайра жаңыртып турабыз. Эң акыры, баарына жага тургандай продукт жасаганга мүмкүнчүлүк бар, — дейт М.Окенов.

Н.Ишекеевдин пикиринде, мобилдик колдонмо педагогикалык, психологиялык илими менен, дидактиканын, искусствонун айкашкан жеринен жаралган бир кызыктуу нерсе.

— Эң башкысы жөнөкөйлүгү, жеткиликтүүлүгү, образдуулугу, элестүүлүгү, көрсөтмөлүүлүгү менен балдардын кабыл алуусуна абдан ийкемдүү жана жагымдуу. Ошондуктан бул колдонмо балдардын акыл-эсин, таанып билүүсүн, кабыл алуусун активдештирүүгө багытталган, — дейт улуттук тил комиссиясынын төрагасы.

Текстти үнгө айландыруучу программалык аппарат

Кыргыз тилин толугу менен түшүнгөн жана кыргыз тилинде сүйлөгөн жасалма интеллекти жаратуунун алгачкы баскычы катары текстти үнгө айландыруучу программалык аппарат иштелип чыкты.

Бул Кыргызстандын тарыхында алгачкы жасалма интеллект принцибинде иштеген программалык аппарат. Кыргыз тилиндеги санариптик тексттерди табыгий үнгө айландырып, башкача айтканда, берилген кыргыз тилиндеги текстти табыгий үн менен окуп, колдонуучуларга текстти оңой жана кыска убакыттын аралыгында түшүнүүсүнө жардам берет.

Мамлекеттик тил комиссиясы билдиргендей, быйыл үндү текстке айландыруу, 2021-жылы тексттин семантикалык анализи, 2023-жылы тексттин синтези иштелип чыгат. Бул аракеттер кыргыз тилинде сүйлөгөн жасалма интеллектке жетүү үчүн негизги төрт кадам болуп саналат. Программаны тендерден утуп чыккан «Улут Soft» компаниясы иштеп чыккан.

  • Журналисттер диктофонго жазып алган интервьюларын жөнөкөй эле текстке айландырып алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Текстти оңдоп, кабар катары бере берсе болот, — деди Мирбек Окенов.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер