«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ААЛАМЫ» ҮЧ АЙЛЫГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 25.01.2024
  • 0

«Таберик» концертик залында «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтоочу салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.

«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ААЛАМЫ» ҮЧ АЙЛЫГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Иш-чарага Бишкек шаардык билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, райондук билим берүү башкармалыктардын жетекчилери жана мугалимдер менен окуучулар катышты.

«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ААЛАМЫ» ҮЧ АЙЛЫГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Үч ай бою бардык билим берүү мекемелеринде Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлгөн. Кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

«Мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети» кароо-сынагынын жыйынтыгында биринчи орун алгандыгы үчүн №78 мектеп-гимназиясы компьютер менен сыйланды, №71 мектеп-интернаты экинчи орунду ээлегендиги үчүн сыналгы, ал эми №70 мектеп- гимназиясы жана №3 мектеп үчүнчү орунду багындыргандыгы үчүн принтер менен сыйланды.

«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ААЛАМЫ» ҮЧ АЙЛЫГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Бала бакчалар арасында «Мыкты кыргыз тили кабинети» кароо-сынагы боюнча  биринчи орун үчүн №82 МЧББУ компьютер, экинчи орун үчүн №182 МЧББУ жана №35 МЧББУ сыналгы менен сыйланышты.

Таланттуу мугалимдер арасында өткөн «Дилгир» кароо-сынагынын жыйынтыгынын негизинде Камил кызы Ыкыбал – №11 мектебинин мугалими сыналгы менен сыйланды.  Экинчи орун алгандыгы үчүн  №69 ОТК МГнын мугалими Жаныбек кызы Гүлгаакыга  микрофону бар колонка тапшырылды. Ал эми үчүнчү орун үчүн №89 мектебинин мугалими Мамбетсултанова Динара, №49 мектебинин мугалими  Осмоналиева Жаркынгүл, №2 мектебинин мугалими  Токтожумаев Бактияр   Ч.Айтматовдун он томдук чыгармаларынын жыйнагы менен сыйланышты.

«Кыргыз тилин сүйөмүн» көркөм окуу сынагында биринчи орунду ээлегендиги үчүн №31 мектеп-гимназиясынын окуучусу Плотникова Азиза планшет менен сыйланды, экинчи орун алгандыгы үчүн №64 мектеп-гимназиясынын окуучусу Бихтияров Фархад жана  №27 ЖББМ окуучусу Инаятова Жасмин мобилдик телефондорго татыктуу болушту. Смарт сааттар  жана пауэрбанктар №2 ЖББМ окуучусу Фан Александрага жана №61 АФММГ окуучусу Горинина Александрага тапшырылды.

«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ААЛАМЫ» ҮЧ АЙЛЫГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Мугалимдер арасында өткөн «Адамзаттын мугалими Айтматов – Дүйшөн жана мен» дил баян кароо-сынагынын жыйынтыгынын негизинде биринчи орун үчүн №82 ЖББМ мугалими Озубекова Раидага жана экинчи орун үчүн №68 мектеп-гимназиясынын мугалими Маматосмон кызы Алидага жана  №69 мектеп-гимназиясынын мугалими  Мамбеталиев Мусага   Айтматовдун он томдук чыгармаларынын жыйнагы   тапшырылды. Үчүнчү орунду ээлегендиги үчүн Ч.Айтматовдун үч томдугу менен №89 мектебинин мугалими Нуржан кызы Алина жана №17 мектеп-гимназиясынын мугалими Дооронбекова Токтогул сыйланышты.

«КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ААЛАМЫ» ҮЧ АЙЛЫГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

«Айтматов ааламы» илимий-изилдөө кароо-сынагынын жыйынтыгынын негизинде биринчи орун үчүн №78 мектепке   принтер, экинчи орунду ээлегендиги үчүн №82 жалпы билим берүү мекемесине микрофону бар колонка, үчүнчү орунду алгандыгы үчүн №69 мектеп-гимназиясына жана №66 мектеп-гимназиясына  зымсыз микрофондор тапшырылды.

«Мыкты видеоролик» кароо-сынагында биринчи орун  үчүн №81 мектеп Ч.Айтматовдун он томдук чыгармаларынын жыйнагы менен сыйланышса, №52, №94, №109, №25 мектептерге байгелүү ордундар  үчүн портативдик колонкалардын ээси болушту.

«Каармандар сүйлөйт» кароо-сынагында экинчи орун үчүн №100 жалпы билим берүү мекемесине жана №69 окуу тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясына микрофону бар колонка, үчүнчү орун үчүн  №80 жалпы билим берүү мекемесине маркердик такта тапшырылды.

Андан сырткары, Айтматовдун чыгармаларынын негизинде шайыр тапкычтар клубу сынагынын жыйынтыгында биринчи орун үчүн  №51 мектеп-гимназиясынын командасы сыналгы менен сыйланды, экинчи орун үчүн №78 мектеп микрофону бар колонка, №98 жана №54 мектептер үчүнчү орунду ээлегендиги үчүн зымсыз микрофондор тапшырылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер