КЫРГЫЗ ТИЛИ МУГАЛИМИНЕ КЕҢЕШ

  • 04.09.2020
  • 0

Грамматикалык категорияларды моделдештирүү ыкмасын колдонуу аркылуу окуучунун тилдик компетенттүүлүгүн калыптандыруу.

Бул маселе тууралуу сөз баштоодон мурда, адегенде модель деген түшүнүктү темага жараша тактап алалы. Модель — француз сөзү — modele, орусча — образец, кыргызча — үлгү деген түшүнүктү берет. Ал өндүрүштө, искусстводо же илимдин кайсы бир тармактарында колдонулуучу ыкмалардын бири болсо да, аны кыргыз тилинин грамматикасын окуп-үйрөнүүдө колдонуу багыттарын ойлонуп көрөлү. Андагы «модель» түшүнүгүнүн бир нече аныктамасынын ичинен бирөөндө мындай дейт: «модель — кайсы бир физикалык объекттин же процесстин көрсөтмөлүү түрдө элестетүүчү механикалык үлгүсү». Мына ушул аныктамага таянуу менен, грамматикалык материалдарды окутуудагы моделдештирүүнү «кайсы бир грамматикалык форманы же түшүнүктү көрсөтмөлүү түрдө элестетүүчү үлгү» катары алууну ылайыктуу көрүп отурабыз.

Демек, грамматикалык бир форманы же түшүнүктү элестүү түрдө бир модель катары кабыл алуу жана ал түшүнүктү конкреттештирүү менен аны бир бүтүн түшүнүк катары окуучуда калыптандыруу ылайыктуу болмокчу. Ал кыргыз тили сабагында окуучунун тилдик компетенттүүлүгүн калыптандырууну кыйла жеӊилдетмекчи. Эмесе, аны мисалдар менен далилдеп көрөлү.

Мисалы, грамматикалык категория катары Этиш сөз түркүмү тууралуу 6-класста окуучулардын билимин тереӊдетүүдө ушул моделдештирүү ыкмасы аркылуу окуучунун теориялык түшүнүгүн кантип конкреттештирүү жана ал аркылуу тилдик компетенттүүлүгүн кантип калыптандыруу керек?

Ал үчүн Этиш сөз түркүмүнүн кептеги грамматикалык кызматын эске салалы: ал заттардын кыймыл-аракетин жана ал-абалын түшүндүрөрү белгилүү. Андай болсо, этиштин эки белгиси бар экен, ал: заттын кыймыл-аракети жана ал-абалы. Ушул эки түшүнүктү – эки модель катары эсептөөгө болобу?

Эгер болот десек, анда: биринчи модеь — этиштин кыймыл аракетин, экинчи модель – анын ал-абалын туюнтмакчы. Ал аркылуу окуучу этиштин ушул эки белгисин так ажыратып тактай алса, анда ал бүтүндөй этиш дүйнөсүн түшүнөөрү жана ал түшүнүк окуучунун эсинде бекем сакталып калары шексиз.

Мисал келтирели: этиштин кыймыл-аракетти билдирген биринчи белгисин: «бала ойноду» деген мисал аркылуу белгилеп биринчи моделди түзсөк, экинчи белгиси: ал-абалы боюнча, «бала кубанды» деген экинчи моделди түзөбүз.

Моделдештирүү түшүнүктүү болду. Эми муну сабактын кайсы тибинде, кандай жол менен түшүндүрөбүз жана окуучулар менен кантип натыйжалуу иш жүргүзөбүз?

Үч түрдүү шартты эске алалы: 1) жаӊы билим берүүчү сабакта окуучуларды грамматикалык материалдарды моделдештирүүгө үйрөтүү;

2) окуучунун билимин текшерүү жана кайталоо сабактарында грамматикалык материалдарды моделдештирип бышыктоо;

3) Тест менен иштөөгө даярдоодо жана тест түзүүгө окуучуну үйрөтүүдө грамматикалык материалдарды моделдештирүү.

Эми ушул үч шартта кантип иштөө жолдорун карап көрөлү.

Биринчи шарт. Жаӊы билим берүүчү сабакта окуучуларды грамматикалык материалдарды моделдештирүүгө үйрөтүү.

Жаӊы сабактын темасы: Сан атооч — болсун дейли. Бул сабакта моделдештирүү ыкмасы кантип ишке ашат?

Сан атоочтун кептеги кызматы белгилүү, ал — заттын санын жана иретин билдирет. Жогоруда белгиленген жол боюнча иштесек, сан атоочтун грамматикалык бул эки белгисин эки модель менен түшүндүрөбүз. Биринчиси — заттын санын билдирүүсү, канча деген суроого жооп берген мааниси. Мисалы: «беш бала». Бул — бир модель. Демек, баланын саны — беш. Экинчиси — заттын турган ордун, иретин түшүндүргөн мааниси. Мисалы: «бешинчи бала». Демек, баланын турган орду, ирети — «бешинчи».

Ушул «беш бала» деген модель боюнча бүтүндөй «сандык дүйнөнү» түшүндүрсөк болорун эске салалы, т.а. «беш китеп», канча китеп? Беш китеп. «Беш жылдыз», канча жылдыз»? Беш жылдыз. «Беш машина». Канча машина? Беш машина. «Беш балык». Канча балык? Беш балык, ж.б.

«Бешинчи бала» деген экинчи модель боюнча окуучунун грамматикалык түшүнүгүн калыптандырууну көрөлү. Мисалы: «Бешинчи класс». Канчанчы класс? Бешинчи класс. «Бешинчи жыл». Канчанчы жыл? Бешинчи жыл. «Бешинчи оюн». Канчанчы оюн? Бешинчи оюн ж.б.

Мындан төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарабыз, биринчиден, окуучу грамматикалык категориянын кептеги кызматын тактап түшүндү; экинчиден, түшүнүктү моделдештирди жана ал аркылуу билимин айкындады; үчүнчүдөн, модель аркылуу түшүнүктү тактап, тилдик билимин бышыктады; төртүнчүдөн, ал түшүнүккө суроо берип, жооп алуу менен, өзүн-өзү текшерип, баалады.

Жыйынтыгында, жогорудагы көрсөткүчтөрдүн натыйжасында сабактын алдына коюлган максаты ишке ашты. Окуучунун грамматикалык компетенттүүлүгү калыптанды.

Экинчи шарт. Окуучунун билимин текшерүү жана өтүлгөндөрдү кайталоо сабактарында грамматикалык материалдарды моделдештирүү аркылуу окуучунун билимин текшерүү, бышыктоо жана өтүлгөндөрдү жалпылап, кайталоо.

Ал үчүн мугалим окуучудан бир канча суроолорго жооп алууга тийиш: 1) грамматикалык категориянын кептеги кызматы кандай?

2) анын кептеги ар бир кызматын бир модель деп түшүнүүгө болобу?

3) ал аркылуу түшүнүктү кантип моделдештирүүгө болот?

Сабактын темасы: Сырдык сөз болсун. Жогорудагы биринчи суроого жооп издейли. Сырдык сөздүн кептеги кызматы: Сырдык сөз адам кубанганда, капаланып же өкүнгөндө, жан-жаныбарларга кайрылганда же адамдарга карата ички сезимин билдиргенде колдонулат. Андай болсо, сырдык сөздүн кептеги ушул төрт кызматын төрт түшүнүк катары кабыл алып, окуучу төрт түрдүү модель түзөт.

1-модель: Эх, эӊ сонун экен! (кубанганда);

2-модель: Аттиӊ, жаман болгон экен! (капаланып, өкүнгөндө);

3-модель: Чек, кашка улак! (жаныбарларга кайрылууда);

4-модель: Азаматсыӊ! Баракелде! (адамдарга карата ички сезимин билдирүүдө).

Демек, окуучу бул сабактан төрт нерсеге жетишти: сырдык сөздүн кептеги кызматын тактады, анын ар бир кызматы бирден модель болорун түшүндү, ар бир түшүнүктү моделдештирип билимин бекемдеди жана тилдик (грамматикалык) түшүнүгүн калыптандырды. Буга мугалим окуучунун жооптору аркылуу ынанды.

Үчүнчү шарт: Мугалим окуучуну тест менен иштөөгө даярдоодо жана тест түзүүгө үйрөтүүдө грамматикалык материалдарды моделдештирүү проблемасы чечүү. Бул иш кандайча аткарыларына көӊүл бөлөлү. Адатта, мугалим ар бир сабагында окуучунун билимин чейректерде же жыл аягында тест аркылуу текшерүүгө даярдай жүрүүсү милдеттүү көрүнүш. Андыктан, бул иш-аракет максаттуу иштердин бири катары ырааттуу түрдө аткарылышы шарт.

Биринчи маселе: окуучуну тест менен иштөөгө даярдоодо мугалим ар бир чоӊ тема өтүлүп бүткөндө грамматикалык категориялардын кептеги маанисин камтыган суроолорду гана киргизүүсү максатка ылайык келмекчи.

Мисалы, Сын атооч темасы өтүлүп бүттү дейли. Анда сын атоочтун кептеги маанисин камтыган, атап айтканда: заттын сапаттык белгисин (жакшы, жаман ж.б.), өӊүн-түсүн (ак, кызыл ж.б.) формасын (тоголок, сүйрү ж.б.), даамын (ачуу, таттуу ж.б.) камтыган теориялык жана практикалык мүнөздөгү бир нече тесттик суроолорду түзөт.

Мындагы максат: окуучулардын билимин тест менен текшерүү гана эмес, тескерисинче, окуучунун өзүн тест түзүүгө үйрөтүү, ал аркылуу окуучунун өзүнүн билимин конкреттештирүү, конкреттүү жооптор аркылуу окуучу өзүнүн түшүнүктөрүн системалай алуусуна жетишүү. Мындай учурда окуучунун түшүнүгү, профессор И.Бекбоев белгилегендей: эгер мурда «алдын ала түшүнүү», «генетикалык түшүнүү» ишке ашып келген болсо, эми «түзүмдүк» (структуралык) жана «системалык түшүнүү» деӊгээли менен ишке ашырылат. Демек, тилдик категориянын грамматикалык белгилери, бөлүнүштөрү, түрлөрү, кептеги ролу, суроолору, тилдик каражаттары, эрежелери бул тесттерде толук чагылдырылат.

Экинчи маселе: Тесттердин мазмуну кандай багыттарда болот:

1) тилдик категориянын грамматикалык белгилерин толук камтуусу;

2) тилдик категориянын бөлүнүштөрүн, түрлөрүн эске алуусу;

3) тилдик категориянын кептеги ролун чагылдырган теориялык-практикалык мүнөздөгү суроолордун коюлуусу;

4) тилдик каражаттар жана алардын кепте колдонулушу тууралуу практикалык мүнөздөгү тесттердин болушу;

6) проблемалуу жагдайларды чечүүнү камтыган тесттердин болушу;

7) окуучунун жеке чыгармачылыгын көрсөткөн суроо-тапшырмалардын камытылышы.

Ушундай мүнөздөгү тесттерди мугалим, адегенде, түзүп сабактарда иштөө менен, окучулардын өзүлөрүн ушундай тесттерди түздүрүүгө үйрөтүүгө тийиш.

Үчүнчү маселе: Окуучуларды тест түзүүгө үйрөтүү. Бул үчүн ар бир сабакта мугалим күн сайын үй тапшырмасын кайталоодо окуучудан «тест түзүп келип, өзү түзгөн тести боюнча жооп берүүсүн» талап кылат. Андай тесттерде окуучу жогоруда айтылган багыттарды сөзсүз камтыйт жана изденүү менен түрдүү мазмундагы тесттерди түзүп келип, чыгармачылыгын көрсөтөт. Мунун өзү окуучунун грамматикалык категория боюнча теориялык билимин системалайт жана аны практикалык жактан бекемдейт. Албетте, бул иш-аракеттер кыргыз тили сабактарында окуучунун тилдик компетенттүүлүгүн калыптандыруунун натыйжалуу бир ыкмасы катарында практикада колдонууга болот.

Адабияттар:

  1. «Словарь иностранных слов», М., 455-б.

  2. Бекбоев И.Б., «Билим берүүдөгү башкы маселе — мугалимдин компетенттүүлүгү», Б., 2020, 15-16-б.б.

  3. «Кыргыз тилин окутуунун стандарты», КББАнын окумуштуулар кеӊеши бекиткен, Б., 2015.

  4. Кыргыз тилинин программасы,Б., 2018

  5. Рысбаев С., «Кыргыз тили, адабияты мугалимине жүз кеӊеш», Б., 2016.

    Cулайман РЫСБАЕВ, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер