КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН QS ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГИНДЕГИ ИЙГИЛИГИ

  • 27.03.2023
  • 0

QS Дүйнөлүк университеттердин предметтер боюнча рейтинги жалпысынан 54 предметти камтыйт. Бул рейтингдин негизги максаты — абитуриенттерге тандап алган дисциплиналары боюнча дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларын аныктоого жардам берүү. QS Дүйнөлүк рейтингине ылайык, Кыргыз-Түрк “Манас” университети заманбап тил боюнча билим берүүдө дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири болуп аныкталды. Аталган рейтинг боюнча университет 301-340 орунду ээледи.

КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН QS ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГИНДЕГИ ИЙГИЛИГИ

Кыргыз-Түрк “Манас” университети тил үйрөтүүгө чоң маани берип, котормочулар, англисче жана орусча сүйлөшүү сыяктуу түрдүү студенттик клубдар менен студенттердин үзгүлтүксүз жана инсандык өнүгүүсүнө жол ачып келет. Университетте негизги окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, англис, орус, кытай жана башка тилдерде дагы билим берген программалар бар. Чет тилин окутууда өзүнүн инновациялык жана оригиналдуу ыкмалары менен ийгиликтерге жетишип келет.

Гуманитардык факультет тилди окутууда өзгөчө маанилүү ролду ойнойт. Анткени бул факультетте түркология, филология жана синхрондук котормо сыяктуу тилдерди окутуу бөлүмдөрү бар. Окумуштуулардын бардыгы өз тармагындагы белгилүү илимпоздор. Алар студенттерге сапаттуу билим берүү менен бирге, ар кандай илимий изилдөөлөрдү дагы жүргүзүп келет. Жыл сайын көптөгөн улуттук жана эл аралык конгресстер, панелдер жана семинарлар сыяктуу илимий жыйындар өткөрүлөт.

Университеттин тил бөлүмдөрү илимий изилдөө иштерин активдүү жүргүзүп келет. Бул бөлүмдөрдөгү окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү жана долбоорлору илимий дүйнөгө улуттук жана эл аралык деңгээлде салым кошкон. Авторлордун илимий изилдөөлөрү дүйнөнүн алдыңкы илимий басылмаларында жана журналдарында жарыяланган. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин котормо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын «Манас», «Эр Төштүк» сыяктуу атактуу көптөгөн эпостору башка тилдерге которулган. Мындан тышкары бөлүм тарабынан илимий дүйнөгө пайда алып келе турган сөздүк китептери дагы жарык көргөн.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети кеңири мүмкүнчүлүктөрү менен акысыз жана сапаттуу билим берген абройлуу жогорку окуу жайы жана анын академиялык ийгилиги Quacquarelli Symonds жана Times Higher Education сыяктуу көз-карандысыз эл аралык уюмдардын тизмесине кирүүсү менен далилденген. Манас университети 2023-жылы QS рейтингинде дүйнөдө 801-орунду, ал эми Түркиядагы университеттер арасында 7-орунду ээлеген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер