СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

  • 03.03.2020
  • 0

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик туубуз — эгемен мамлекетибиздин атрибуттарынын бири, ар бирибиздин мекенге болгон атуулдук сезимибизди  чагылдырып турган символ.

Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган.

Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел.

Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

Сиздерге ден соолук, бакты-тааалай, ийгиликтерди каалайм.

Жараткан Кудай сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!

Бөлүшүү

Комментарийлер