КЫРГЫЗ-КАЗАК ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 23.01.2023
  • 0

Эртең Бишкекте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык юбилейине арналган “Чыңгыз Айтматов – кыргыз-казак элдеринин руханий байлыгы” аттуу эл аралык VII форуму өтөт.

КЫРГЫЗ-КАЗАК ФОРУМУ ӨТӨТ

Иш-чара саат 11.00до башталып, ага кыргыз, казак окумуштуулары катышат. Форумду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов алып барат. Алгач эки элдин достугу жөнүндө видео тасма көрсөтүлүп, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Н.Шакиев, Казакстандын  Парламенти Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Казак Республикасынын маалымат жана коом таануу боюнча министри Дархан

Кыдыралы, академик Абдыганы ЭРКЕБАЕВ,  Казакстан жазуучулар кошунун төрагасы, акын Эсдаулет Улукбек Оразбай уулу, академик Акматалиев Абдылдажан сыяктуу  окумуштуулар сөз сүйлөшөт.

Ч.Кийизбаева, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер