КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КАНДАЙЧА САЛЫМ КОШМОКЧУ

  • 29.10.2020
  • 0

Билим берүү системасынын консервативдүүлүгү же парадокс

Билим берүү системасы абдан консервативдүү, ал дароо өзгөрбөйт, аны өзгөртүү үчүн жылдар керек. Азыр жасалып жаткан иштердин жыйынтыгын болжолдуу түрдө алды 4-5, арты 10-15 жылда көрүүгө болот. Эгер ушундай болсо, анда билим берүү системасы дайыма эле турмуштан артта калып жүрө береби?!. (“Шоокум” журналы, №4 2020, 8-11-б.).

Буга кошумча, акыркы изилдөөлөргө ылайык, алынган билим 5 жылдан кийин эскирип калууда. Андай болсо, окуучу мектепти бүткүчө 2 жолу, жогорку окуу жайына тапшырса, аны аяктагыча 3 жолу эскирип калууда. Андай эскирип калган билимди эмне үчүн алып жатабыз?!.

Негизи билим берүү системасы коомдон алдыда жүрүп, аны багыттап, ага жол көрсөтүп турушу керек эле да. Андай болбогондо, билим берүү системасынын кереги болобу?

Ошол эле учурда дүйнөдө өнүгүп жаткан мамлекеттердин дээрлик 3төн 2си билим берүү системасын жакшыртуу аркылуу өнүгүүдө. Калган 3төн 1и гана жаратылыш байлыктарын пайдаланып, иши илгерилөөдө.

Билим берүү системасы консервативдүү болсо, көптөгөн мамлекеттер ал аркылуу кантип өнүгүүдө?

Канткенде билим берүү системасы турмуш менен катар же андан алдыда жүрө алат?

Эгер билим берүү системасын жакшыртуу аркылуу коомубузду өнүктүрөбүз десек, коомдун келечегин 10-20 жыл алдыга болжолдой алуу керек же билим алып жаткандар өз мезгилинен ашып кете ала турган көндүмдөргө, компетенцияларга ээ болуусу шарт.

Кантип?

Өлкөбүздө, кошуна мамлекеттерде, дүйнөдө билим берүү жаатында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, тенденцияларды талдоого алып, ал маалыматтарга илимий мамиле жасоо менен, коомдун келечегин божомолдоого болот. Демек, мында аналитика менен илимге өзгөчө көңүл бурулуусу керек. Билим берүү системасын жакшы жагына өзгөртүү аркылуу өнүгүп жаткан мамлекеттерде так ушул аналитика менен илим башкы орунда турууда. Илимге таянып, акыл-эс менен туруктуу билим берүү саясатын жүргүзүү өзүнүн жемишин берүүдө.

А бизде абал кандай?..

Бизде аналитика маселеси колго алынбай калган да, педагогика илиминин абалы чеке жылытарлык эмес. Республикадагы негизги педагогика илимин жүргүзүп келген Кыргыз билим берүү академиясынын дарамети туура эмес жүргүзүлгөн саясаттын негизинде жылдан жылга начарлай берген, аягында аны жоюп коюу аракети да болду. Учурунда, 2017-жылы, КР Билим берүү жана илим министрлигинин «…Кыргыз билим берүү академиясы… 2017-жылдын 30-февралында (бул календарда жок күндү ким ойлоп тапканы белгисиз) жоюлсун… жана анын кызматтары КР Билим берүү жана илим министрлигинин түзүмдөрүнө бөлүштүрүлсүн…» деген буйругу да чыккан. Демек, бул документке ылайык, илим изилдөөнү министрликтин түзүмдөрү аткарыш керек эле. Илимди министрликтин кызматкерлери иш арасында аткарып коюшат окшойт. Мына, биздеги илимге болгон мамиле!..

Эмне, министрликте иштеген кызматкерлер илимдин маанисин түшүнгөн жокпу же акылы ушунчалык эле тайкы беле деген суроо туулбай койбойт. Чынын айта турган болсок, бул айсбергдин көрүнгөн гана учу болчу. Ал эми негизги маселе мында эле.

Эгемендик жылдарында билим берүү системасын колдоого эл аралык уюмдардан олчойгон суммадагы каражаттар келе баштады. Бул каражаттарды министрликке тиешеси бар, тиешеси жок 4-5 адам көзөмөлдөп калды. Аталган каражаттарды Кыргыз билим берүү академиясы (КБА) же башка билим берүү мекемеси аркылуу «өздөштүрүүгө» болбойт эле. Анткени, бул каражаттардын көлөмү өтө чоң (ар бир траншы ондогон миллион АКШ доллары) болгондуктан, академиянын кичинекей бюджетинде алар оркоюп көрүнүп калмак. Экинчиден, академияны жыл сайын КР Эсеп палатасы текшерип турат. «Көз боемочулуктар» баары бир чыгып калмак. Ошондуктан КР Эсеп палатасы көзөмөлдөбөгөн бейөкмөт уюмдар мында абдан ыңгайлуу болду, каражаттарды каалагандай калчай берсең болот. Дароо керектүү бейөкмөт уюмдар түзүлдү, айрымдарына министрликтин имаратынан офистер берилди. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу КБА сыяктуу билим берүү мекемелери «өгөй балага», айрым бир колуна токоч тийген бейөкмөт уюмдар (БӨУ) «өз балага» айланды. Бирок, жаман жери олчойгон каражаттар «өздөштүрүлүп» жатканы менен, көзгө көрүнөрлүк натыйжа болгон жок. Эми күнөөлүүнү издөө керек эле. Тиешеси болсо да, болбосо да, бул жерде КБАдан башка ылайык келген билим берүү мекемеси жок эле. Акырынан жем жеген БӨУларды (күнөөлүү болуп ткрса да) күнөөлүү кылууга болбойт эле. Акчалар «өздөштүрүлүп» жатты, академия процесстен четтетилип, келген каражаттардын пайдасын көргөн жок, натыйжада дарамети күндөн күнгө начарлай берди. Бул каражаттардын убайын КБА эле эмес, бардык эле билим берүү уюмдары (облустук билим берүү институттары/борборлору, райондук билим берүү бөлүмдөрү) көргөн жок. Ошентип, коррупциянын кесепетинен билимдин, илимдин тагдырына, келечегине балта чабылды. Мунун кесепети менен узакка күрөшөбүз. Анткени дарамети алсызданган КБАны, Педагогикалык кызматкерлердин адистигин өркүндөтүү жана кайра даярдоо республикалык институтун, облустук билим берүү институттарын/борборлорун, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүн кайрадан бутуна коюу үчүн чоң күч, каражат жана көп убакыт керек болот.

Кандай болгон күндө да, аналитика менен илимди талапка ылайык деңгээлге көтөрбөй туруп, билим берүү системасын атаандашууга жөндөмдүү кылуу, келечекке ылайыкталган абалга жеткирүү деги эле мүмкүн эмес. Демек, бул идеяны ишке ашырмайынча жаратылыш байлыгы ашып-ташпаган Кыргыз Республикасы өнүгө албайт деген бүтүм чыгарсак болот.

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КАНДАЙЧА САЛЫМ КОШМОКЧУ

КБАдагы өзгөрүүлөр жана жасалып жаткан иштер

  1. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен КБА КР Билим берүү жана илим министрлиги (КР БИМ) менен бирдикте өзүнүн жаңы Уставын, түзүмүн даярдады, ага ылайык, КБАда жаңы Илим, аналитика жана билим берүүнүн саясаты бөлүмү, Окуу-усулдук комплекстерди түзүүнүн теориясы жана практикасы лабораториясы түзүлмөкчү.
  2. КБА «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын» алкагында 2019-жылдын 21-апрелинен 17-майына чейин «Предметтик стандарттар, окуу программалар жана компетенттүүлүктөр» аттуу темада республиканын 7 дубанында «Билим кербени-1» иш-чарасын өткөрүп, ага 3000ге чукул мугалимдер, усулчулар, рай/шаар билим берүү бөлүмдөрүнүн, облустук билим берүү институттарынын/борборлорунун кызматкерлери катышты. Чоң залдарга батпай, тепкичтерде, сахнада турган катышуучулар мындай жолугушууларга суроо-талап абдан жогору экендигин көрсөтүп жатты.

Иш-чаранын негизги максаты, биринчиден, татаал, оор болуп жаткан маселелерди көзмө-көз талкуулап, мугалимдердин/педагогдордун көйгөйлөрүн жеринде аныктоо, экинчиден, кайсы багыттарда кызматташып, бири-бирибизге жардам бере аларыбызды тактоо, мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү жана, үчүнчүдөн, иш-чарага катышуучулардын да, КБАнын кызматкерлеринин да дараметин арттыруу, КБАнын илимий изилдөөлөрүн практикага негиздөө болду.

Мугалимдердин кайра-кайра өтүнүчү менен алыскы аймактарда катуу суук болуп калганына карабастан, 2019-жылдын 18-22-ноябрында «Билим берүүдөгү алдыңкы технологиялар» аттуу «Билим кербени-2» иш-чарасы Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда өттү. Мында КБАнын кызматкерлеринин жетекчилиги менен ачык сабактар уюштурулуп, алдыңкы педагогикалык технологиялар көрсөтүлүп, талкууланды. Ага жалпы 1500дөн ашык мугалимдер, усулчулар, менеджерлер катышты (“Жыл ичинде жаңылана алдыкпы?..”, “Кутбилим”, №48, 27.12.2019).

  1. КБА КР БИМ, “Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо фонду” менен кызматташып, 2019-жылы 21-январда “Өлкөнү санариптештирүүнүн шартында билм берүү чөйрөсүн өнүктүрүү” аттуу республикалык биринчи тегерек столду, 23-майда “Санариптештирүү – Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүн реформалоодогу жана өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыт” аттуу республикалык экинчи тегерек столду өткөрүп, натыйжада “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын медиа-маалыматтык сабаттуулуктун элементтери аркылуу өнүктүрүү боюнча концепция” иштелип чыгып, КР БИМ тарабынан расмий бекитилди.
  2. Бул иш улантылып, КР БИМ, “ЖМКларды колдоо фонду” менен биргеликте 5-класс үчүн “Адам жана коом” предмети боюнча интерактивдүү электрондук китеп иштелип чыкты. Жакынкы күндөрдө анын бет ачары болмокчу. Бул электрондук китептин платформасына салып, каалаган класстын каалаган окуу предмети боюнча окуу китебинин электрондук вариантын жеңил түзүп алууга болот.
  3. “Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы” иштелип чыгып, КР БИМге өткөрүлүп берилди.
  4. КР БИМ, Ош гуманитардык педагогикалык институту (ОГПИ), «Ыйык Ата Журт» коомдук фонду менен кызматташтыкта 2019-жылдын 26-27-апрелинде ОГПИнин базасында «Ааламдашуу шартындагы билим берүүнүн, тарбиялоонун абалы жана өнүгүү тенденциялары» аттуу Х эл аралык илимий-практикалык симпозиум, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен кызматташтыкта 29-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, математика боюнча бир нече оригиналдуу окуу китептердин авторлорунун бири, профессор Нуржамал Ибраеванын 80 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүнүн мазмунун модернизациялоодогу ишмердик мамиле» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция, 2019-жылы 15-16-ноябрда Медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча Биринчи Борбор Азиялык конференция, Кыргыз Эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Эл аралык Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги (Москва шаары), Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекбоев Исак Бекбоевичтин 90 жылдыгына арналган «Улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү системасын моделдештирүү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 2020-жылдын 31-январында өткөрүлдү.
  5. Учурда Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүү мамлекеттик стандартынын, жаңы базистик окуу планынын, “Өзүн-өзү таануу” предметинин долбоорлору иштелип чыгууда. “Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясы” иштелип чыгып, КБАнын Окумуштуулар кеңешинде жактырылып, бекитүү үчүн КР БИМге жөнөтүлдү. Алар менен КБАнын сайтынан таанышууга болот.
  6. Таажы тумоого байланыштуу карантин учурунда КБАнын кызматкерлери oku.edu.gov.kg платформасынын контентин электрондук материалдар менен толтурушту, ошондой эле мугалимдерге маалыматтык-коммуникациялык технологияларды үйрөтүү боюнча вебинарларды, онлайн конференцияларды өткөрүү, баяндамаларды жасоо, видеосабактарды, презентацияларды даярдоо, мугалимдер, ата-энелер үчүн нускамаларды иштеп чыгуу, макалаларды жазуу, теле, радиодон чыгып сүйлөө, ЖМК аркылуу маалыматтарды таркатуу сыяктуу багыттарда 2020-жылдын мартынан сентябрына чейин 333 иш-чара өткөрүлдү (отчет КР БИМге расмий жөнөтүлгөн) жана учурда да өткөрүлүүдө. “Аралыктан окутуу шартында Кыргыз Республикасындагы мектептердин мугалимдеринин жана окуучуларынын учурдагы абалы” аттуу изилдөө өткөрүлүп, анын натыйжалары “Кутбилим” гезитине жарыяланды (№13, 29.05.2020).
  7. КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КАНДАЙЧА САЛЫМ КОШМОКЧУ

КБА кандай болушу керек?

  1. КБА Кыргызстанда билим берүүнүн мазмунун аныктоо менен, билим берүү системасын илимий-методикалык жана инновациялык-технологиялык камсыздоо аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууну, натыйжада ар бир баланын дараметин ачууну негизги максаты катары карайт.
  2. Педагогикалык изилдөөнү, аналитиканы күчөтүү менен, КБА Кыргызстандагы билим берүүнүн өнүгүү багытын аныктаган жана КР БИМдин жеңилин жерден, оорун колдон алган “акыл борбору” болууга умтулат.

Дүйнөлүк практикага кайрыла турган болсок, билим берүү системасы өнүгүп жаткан Финляндия, Сингапур, Түштүк Корея, Гонконг сыяктуу мамлекеттерде билим берүү министрлигине жакындан жардам берген Кыргыз билим берүү академиясы сыяктуу Улуттук билим берүү институттары бар, аларда болжолдуу 500дөн 100ге чейин адистер иштешет. Алардын ишмердигине абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Түштүк Кореянын Улуттук билим берүү институту Сеулдагы эң кымбат райондогу эң баалуу имаратка жайгаштырылган, Финляндияда да ушундай көрүнүш. Эл аралык чоң-чоң конференциялар, ири иш-чаралар ошол Улуттук билим берүү институтттарынын имараттарында өткөрүлөт, аларды өткөрүү үчүн шарты, бөлмөлөрү, бир нече жүздөгөн адамдар иштей ала турган ыңгайлуу залдары, имарат жайлары бар.

  1. КБА билим берүүнүн мазмунун аныктоо жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзүүчү уюм болуп, билим берүү менен алектенген эл аралык долбоорлор КБА менен тыгыз кызматташтыкта иштеп, алардын ишмердигин билим берүүнүн мазмуну жаатында КБА жалпы координациялоосу талапка ылайык болмокчу. Бул бирдиктүү саясатты жүргүзүүгө шарт түзүп, жасалган иштердин туруктуулугун камсыз кылмакчы.
  2. КБАнын материалдык-техникалык базасын чыңдап, анда мыкты, заман талабына ылайык видео, теле сабактарды тарткан, онлайн сабактарды өткөргөн мультимедиалык классты, студияны уюштуруу, КБАда билим берүүнү санариптештирүүгө, IT-технологияны өнүктүрүүгө салым кошкон лабораториянын, адистердин болушу – учур талабы.
  3. Билим берүүдөгү жаңы технологиялардын КБА аркылуу жайылтылышы, заман талабына ылайык келген, керек болсо келечекти чагылдырган алдыңкы класстын үлгүлөрүнүн түзүлүшү, ошондой эле PISA эл аралык баалоосуна даярдоо багытында иш жүргүзгөн улуттук борбордун КБАда болушу бул иштердин туруктуулугун жана институтташуусун камсыз кылмакчы.
  4. КБАнын негизги милдеттеринин бири алдыңкы тажрыйбаларды жалпылап жайылтуу жана эксперимениалдык аянтчалар менен иштөө болуп саналат. Билим берүүдөгү жаңылыктарды, алдыңкы технологияларды эксперименттен өткөрүп, билим берүү процессине киргизүү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга бараандуу салым кошмокчу. Бирок, каражаттын тартыштыгынан улам бул иш солгундап кеткен.
  5. Шартка жараша ыкчам изилдөө мүмкүнчүлүгүнүн КБАда болушу. Жогоруда белгилегендей, карантин учурунда КБА “Аралыктан окутуу шартында Кыргыз Республикасындагы мектептердин мугалимдеринин жана окуучуларынын учурдагы абалы” аттуу изилдөөнү каражатка байланыштуу онлайн форматта өткөрдү. Бирок, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок же чектелген мугалимдер менен окуучулар бул изилдөөгө катыша алышкан жок да. Ошондуктан ушундай учурларда ыкчам изилдөөлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караган Изилдөө фондун КБАда же Илим департаментинде кароо зарылдыгын турмуш көрсөттү.
  6. Адистердин дараметин күчтөндүрүү, айлык акысын көтөрүү (1,8 коэффициентин колдонуу тажрыйбасы бар), башка мамлекеттердин тажрыйбасы менен тааныштыруу, кызматташуу, ошол эле учурда алардын ишмердигине карата талапты күчөтүү ишке ашырылбай, КБАнын ишмердигин реформалоо мүмкүн эмес.

 

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов

Бөлүшүү

Комментарийлер