КЫРГЫЗ АЛА-ТООСУ МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА

  • 25.01.2023
  • 0

Сабактын максаты: а) Окуучулар идеяны сандар аркылуу  эстеп алышат.

                                   б) Алардын Мекенге болгон сүйүүсүн  жогорулатышат.

                                   в) Предметтер аралык байланышты өркүндөтүшөт.(география, адабият, сүрөт, музыка, физика, химия ж.б.)

Колдонулган каражаттар: Глобус, дүйнөнүн географиялык картасы, Кыргызстандын физикалык картасы, Кыргызстандын аймагынын модели, тоолордун макети жана буклеттер. Саламдашып катышуунун пайыздык көрсөткүчүн окуучулардын жардамы аркылуу чогуу аныктоодон баштадык. Класста 25 окуучу, бар. Алардын экөөсү сабакта жок. Катышуу канча пайызды түзөт? Бир окуучу канча пайызды түзөрүн билүү максатында: 100% : 25=4% эсептөөсүн жүргүзүп, 4%∙2=8% сабакка келбегендердин пайыздык көрсөткүчүн билүү менен  окуучулардын сабакка катышуусунун 100% — 8% = 92% деп аныктадак. Окуучулардын баарын сабакка даярдоо максатында аларды фокустун шартын аткаруу  аркылуу бүгүнкү күндүн числосун келтирип чыгарабыз:

  1. Ар бир окуучу туулган числосуна 2 ни кошот: х+2
  2. Сумманы 2 ге көбөйтүшөт: (х+2)∙2=2х+4
  3. Көбөйтүндүгө окуучуларынын санына кошушат: 2х+4+23=2х+27
  4. Ага 13тү кошуп, 2 ге бөлүшөт: (2х+27+13):2 =х+20
  5. Натыйжадан ар бири туулган числосун кемитип, дагы эң кичинекей жөнкөй санды кошушат: х+20-х+2=22.                         Соңунда ар бир окуучудан жообун сурасак,  21 окуучунун жообу 22 чыккандыгын айтышты. Демек бүгүнкү число 22-апрель деп доскага жазабыз. Бүгүн кимдин туулган күнү?  В.И. Лениндин деп, кыскача маалымат беребиз. Жаңы сабакты баштаардан алдын окуучуларды: №1 Чыгыш, №2 Батыш, №3 Түндүк, №4 Түштүк командаларга бөлөбүз.

Кырыгызстан Жер планетасынын кайсыл координаталарында орун алган?  Талкуудан кийин командалар бир чечимге келишип, жоопторду айткан соң: Жер шарынын түндүк жарымында, түндүк уюлдан түштүк уюлга сызылган  70º — 80º мердиан сызыктарында жана 38º — 43º кеңдикте жатарын глобустан жана дүйнөнүн картасынан укаска менен көрсөтөбүз. Глобустан жана дүйнө картасынан көрсөтүп сандарды эске салгандан кийин алар өз алдынча анализ жасашкандан кийин, алган маалыматтары боюнча жарышка чыгышат. Мердиан жана кендиктерди билген соң, Кыргызстандын картасынан мекенибиздин аймагы түндүктөн → түштүккө  453,9 км. узундукка, ал эми батыштан → чыгышка 925 км. аралыкка созулганын көрсөтөбүз да ар бир окуучудан суроо менен эске сактоосун бекемдейбиз. Кайрадан дүйнө картасынан океандарды көрсөтүү, ээлеген аянтын, тереңдигин айтуу менен ар бир командадан бир окуучу чыгып өз командасынын намысын коргошот. Окуучулардын айткандарын толуктап, биздин өлкө 4 океандан канча аралыкта алыстыкта жайланышканын (алыс жакынын, өздөр анализдешет) төмөнкү таблицага таянып циклондор кай жактан келерине түшүндүрмө беребиз. Төмөндөгү таблицаны ар бир команда таанышып талкуулаган соң, ар бир командадан бирден окуучу чыгып дүйнөлүк картадан Кыргызстандын аймагын атоо менен көрсөтүшөт.

Кыргызстандагы аймактын атыЭэлеген кеңдигиОкеанга чейинАралыгы
Түндүктөгү Чу дарыясынын сол тарабындагы Камышовкадан 43º 16′

кеңдигинен

Түндүк муз3 880 км.
Түштүктөгү  Чоң Алай тоо кыр касындагы Дарат-Коргондун каршысындагы  Кызыл-Суу               дарыясынын куймасынан39º 11′

кеңдиктегинен

Индия

 

1 670 км.
Лейлек районунундагы Ак Суу дарыясынан69º 15′

кеңдигинен

Атлантика5 530 км.
Чыгыштагы  Меридианалдык тоо кыркаларынан80º 18′  кеңдигиненТынч

 

3 830 км.

 

Кыргызстандын аймагынын чек арасынын узундугун окуучулардан суроо менен мекенибиздин периметри – 4508 км экенин айтуу менен картадан көрсөтүшөт. Чек ара сызыгын көрсөтүүдө: Кыргызстан өлкөсү кайсыл мамлекеттер менен кошуна жайгашкан? Ынтымакта жашаган кошуна мамлекеттер менен мекенибиз Кыргызстан канча узундук- тагы аралыкта чектешет?  деген суроону командалардын талкуусуна коёбуз.                       Чек ара маселеси орчундуу экенин эске салуу менен туура чыгарууга аракет жасоо керектигин айтуу менен текшерүүнү, сумма 4508 км. аркылуу жүргүзөбүз. 4-класстын математика (И.Бекбоев, И.Ибраева Математика. Бишкек- 2009.) китебиндеги 695-маселени (106-бет) чыгаруу менен аныктайбыз. Кайталоо менен сандарды туура эске салуу багытын беребиз. Жарыш бүткөн соң ар бир команда өздөрүнүн жоопторунун канчалык туура экендигин, кайсы команда мыкты билерин баары көрүшкөн соң, төмөнкү таблицаны сунуштап, алардын ой пикирлерди угуп, корутунду чыгарабыз.

1Түндүк тарабынан     Казакстан1 123 км.
2Чыгыш тарабынан     Кытай1 039 км.
3Батыш тарабынан      Өзбекстан1 377 км.
4Түштүк тарабынан    Тажикстан972 км.
 Жалпы чек ара узундугу4 508 км.

Мекенди кандай түшүнөсүңөр деген  суроону командалар ортосуна таштап, алардын көз караштарын угабыз. Андан соң ар бир команда Кыргызстандагы билген тоолордун аттарын доскага жазышат. Биз тоолор түшүнүгүн андан ары улайбыз. Тоо — деңиз деңгээлинен миңдеген метр бийиктиктем өтө тилмеленген жер бетинин зор бөлүгү. Тоонун чокусу, капталы, кыры, таманы болот. Рельеф эки формага ээ: Томпок – тоо кыркасы, тоо дөңсөө — жер бетинен 200 м. жогору. Чуңкур -өрөөн, аң, ой чукурлар. Тоо түшүнүгүнө байланышкан терминдер:  оо өлкөсү — Жер бетинен бийиктикке кескин өзгөргөн аймак. Теңир- Тоо.  Тоо тизмеги — Тектоникалык бүктөлүүнүн жалпы багыты боюнча созулуп жаткан тоолор жыйындысы. Кыргыз Ала- Тоосу, Талас тоосу. Тоо массиви – Начар тилмеленген айлана — тегерегинен бөлүнүп турган, узуну туурасына барабар болгон аймак.    Кряж — Байыркы тоолордун талкалангандан кийинки калдыгы. Плато —  Көтөрүңкү түздүк, үстү тегиз же бир аз күдүрлүү түздүк.                                                           Сонка — Байыркы бийик дөңдөр жана конус формасындагы чокулар. Бул түшүнүктөрдү картадан жана тоонун макетинен, буклеттердеги сүрөттөрдөн көрсөтүү менен баяндап беребиз. Төмөндөгү таблицаны доскага чагылдырганда алар өздөрү жазган тоолордун аттарын толукташат, чокулардын аттарын үйрөнүшөт жана бийиктигин салыштыруу жолу менен эске сактоого аракет жасашат.

Тоолор жөнүндө айрым маалыматтар

к/№Тоолордун аттары Чокунун аттарыБийиктиги
1КакшаалЖеңиш7439
2Чоң АлайЛенин7134
3Кан ТооКан Теңир6995
4МердианДостук6800
5Сары ЖазСеменов5816
6ЭңгилчекНансен5679
7ТуркстанАскалуу5621
8АлайТамдыкул5539
9Тескей Ала- ТооКаракол5280
10КоллекторТалкуш5259
11Ак шыйракЭл комиссарлар Совети5126
12Иле Ала- ТоосуТалгар4973
13Кичи АлайГезарт4954
14ФерганаҮч Сейит4940
15Жетим ТооМолдо башы4931
16Кыргыз Ала- ТоосуАламүдүн4855
17Ат БашыЖел Тегирмен4786
18Күнгөй Ала- ТооЧок Тал4771
19Алай КууСогөт4754
20ЧаткалАфлатун 4503
21Талас Ала- ТоосуМанас4483

Ар бир окуучу бир эле тоонун атын, андагы чокунун аталышын жана бийиктигин жатка билишет. Андан соң командада бири бирине айтып үйрөнүшөт. Ар бир командадан капитандары, ар бир мүчөсү чыгып жарышуу болот. Мына ушундай жол менен кыргыз тоолорун аттарын жатка айтып үйрөнөбүз. Кыргызстан — тоолуу өлкө. Тоолор мамлекетибиздин аянтынын 65% түзөт.   Кыргызстандагы тоолордун арасынан деңиз деңгээлинен эң бийик турган Жеңиш пиги – 7939 м. эң төмөнү Лейлек районундагы түздүк hmin= 401 м. Илимде тоолордун  бөлүгү жердин астында жаткандыгы эске алсак,  Жеңиш пиги: 7939 м. ∙  = 15 878 м. терендикте жатат.                                                       Узундук жана аянт чен бирдиктеринин ортосундагы байланышты окуучулар окушуп эске салышат:  1 км. = 1 000 м. = 10 000 дм. = 100 000 см. = 1 000 000 мм.

1 км.2 = 1 000 000 м.2 = 106 м.2 = 1 00 000 000 дм.2 = 108 дм.2 = 10 000 000 000 см.2 =                =1010 см.2 = 1 000 000 000 000 мм.2 = 1012 мм2.  1 га =100 м. ∙ 100 м. = 104 м.2

КЫРГЫЗ АЛА-ТООСУ МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА

Кыргызстандын аймагынын кичирейтилген картасынын ичине 1: 1 500 000 = =1,5∙105 масштаб боюнча 1 см.2 бирдик квадраттардын чокуларына чекиттерди жайгаштыруу менен саноону окуучулардын жардамында жүргүзөбүз. Натыйжада ички чекиттердин саны nи=124, чек арада жайланышкан чекиттердин саны  nч=18 экенин саноо жолу менен аныктадык. Керектүү параметрлерди аныктаган соң: Паскалдын                                 S= nи + 0,5∙ nч – 1  формуласынын негизинде Кыргызстан мамлекетинин аянтын чыгаруу этабына өтөбүз: S = 124 + 0,5∙18 – 1 = 132 (см2). 132 ∙ 1,5=198 миң км2. Масштабды окуучуларга түшүндүрүүдө 1см.2=1,5 миң км.2 б.а.  1,5 миң км.2 аянт 1 см.2 кичирейтилген.

Математикалык так эсептөөлөрдүн негизинде Кыргызстандын аянты S=198,5 миң км.2 экенин эстеп калуу менен түрдүү бирдиктер аркылуу  туюнтсак жана аны стандарттык түргө келтирип окуучуларга окутабыз:

S=198,5 миң км.2 = 198 500 км.2  2∙105 км.2

                                                       2∙1011 м.2  2∙107 га  20 миллион гектар.

                                                      2∙1013 дм.2  2∙1015 см.2    2∙1017 мм2.                      Соңунда окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп бердик. Тоолор жөнүндө    ырларды,   сүрөттөрдү, макал-лакаптарды, табышмактарды, кинолорду, чыгармаларды,   кроссворддорду, чайнворддорду, баш катырмалар ж.б. изденип окуйбуз, ойлонобуз, түзөбүз. Акырында окуучуларга тоо, жайлоо, боз үйдүн  маани, мазмунун үйрөнүп, эсептеп келүүгө тапшырма беребиз. Анткени кийинки сабакта Кыргызстандын мөңгүлөрү, суулары, дарыялары, көлдөрү, суу сактагычтары боюнча сабак өтөбүз, — деп сабакты аяктайбыз.

Жеңишбек КУВАКОВ, Сузак районунун № 10 Көк — Арт гимнизия  класстары бар орто мектебинин математика мугалими.        

 

Майрамбек агай карап чыктым. Идея боюнча жаңы жиберген сүрөт болушу керек эле. Мүмкүнчүлүк болсо акыркы сүрөттү койсок мазмундуу болот. Ырахмат айтуу менен ишиңиз ийгиликтүү болсун!

Бөлүшүү

Комментарийлер