КЫРДААЛГА БАЙЛАНЫШТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН СТАТС-КАТЧЫСЫ ОШТО ИШТЕП ЖАТАТ

  • 24.03.2020
  • 0

Кыргызстандагы өзгөчө кырдаал учурунда Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев Ош шаарында убактылуу иштейт.

Министрликтин өкүлү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы жалпы билим берүү уюмдарында коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттерди координациялап, жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билим берүү уюмдарына тиешелүү маселелерди жеринде ыкчам чечип жатат. Мындан сырткары, жогорку окуу жайларда жүргүзүлгөн дистанттык окутуу процесси менен таанышты.

Ош шаарындагы мектептердин мугалимдери тандалып алынып, 8-апрелден “Баластан” жана “Билим Илим” каналдарынан берилчү видеосабактарга тартылып жатат.

Учурда үч облустагы мектеп, колледж, кесиптик лицей жана жогорку окуу жайларынын имараттарында, жатаканаларында дезинфекция иштери жүргүзүлүп, айрым объектилер обсервация үчүн берилди. Мүмкүнчүлүгү бар кесиптик лицейлер медициналык беткаптарды тигүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер