«КРЕАТИВДҮҮ КЕСИПТЕР АКАДЕМИЯСЫ» ЖАҢЫ КЕСИПТЕРГЕ ҮЙРӨТӨТ
- 14.06.2023
- 0
«Креативдүү кесиптер Академиясы» Кыргызстандын жер-жерлеринде, алыскы аймактарда жашаган бир катар себептер жана COVID-19 пандемиясынын экеномикалык кесепеттеринен улам жумушка орношууда тоскоолдуктарга дуушар болгон, анын ичинде майыптыгы бар жаштардын кесиптик даярдыгын камсыздаган долбоор болуп саналат. Долбоордун алкагында Интернет айдыӊында ийгиликтүү жана эч кимге көз каранды болбой иштегенге зарыл болгон билимдер менен көндүмдөрдү окутуп үйрөтүүнүн онлайн платформасы түзүлгөн. Катышуучулар үч ай ичинде акысыз онлайн окуу курстарынан окушат. Курстардын темалары: Графикалык дизайн, Санарип маркетинг, Веб-иштеп чыгуу жана Контент менеджмент деп аталат. Долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигин колдоосу менен ишке ашырылат.
Долбоордун 3 жылдык ишмердүүлүгүндө жети курс өткөрүлдү. Ал эми аталган убакыттын ичинде курстарга катышуу үчүн 7000 ашуун анкета келип түшкөн, 1400 киши окуу курстарын аяктаган. Академия тарабынан сунушталган мүмкүнчүлүктөргө ылайык көптөгөн студенттер үчүн жаӊы кесипке жол ачылган. Аларга ири компанияларда тажрыйба үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кээси жумушка орношкон, кээ-бирөөлөрү ийгиликтүү жеке бизнес ачып алган. Сапаттуу окутуу жүргүзүү максатында долбоорго өлкөбүздөгү мыкты окутуучулар жана өз кесибинин устаттары чакырылган. Өзгөчө көӊүл долбоордун инклюзиясына бурулган: мында баардык окуучулар үчүн ыӊгайлуу чөйрө түзүлгөн.
Үчүнчү окуу жылында “Графикалык дизайн” жана “Контент-менеджмент” аталган эки курс окутулат. Толук маалыматты сайттан же социалдык тармактардагы биздин баракчалардан окусаӊыздар болот.
«Креативдүү кесиптер Академиясына» кош келиӊиздер!
Сайт: https://creative-academy.kg/
Instagram: https://www.instagram.com/creative.academy.kg/
Facebook: https://www.facebook.com/creative.academy.kg
Расул Өкүмалиев
Комментарийлер