КР УИАДА АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

  • 10.06.2019
  • 0

Бүгүн Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алдында улуу жазуучу, академик Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп, дүйнө жазуучусуна эскерткич такта белгиси коюлду.

КР УИАДА АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Иш-чаранын катышуучулары алгач Ата-Бейитке барып, жазуучунун арбагына багыштап куран окуп, андан кийин Түштүк магистрал Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ч.Айтматовдун сүрөтү тартылган  көп кабаттуу үйгө барышты. Андан соң иш-чара Илимдер академиясынын алдында улантылып, алгач айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев сөз сүйлөп, бүгүнкү коюлуп жаткан тактанын ордунда келечекте Айтматов ааламын чагылдырган атайын аянтча түшөрүн, ал жактан каалоочулардын бардыгы жазуучунун ааламы менен каалаган учурда таанышып, эргүү алып турса болорун баса белгиледи.

КР УИАДА АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Тактача ачылгандан кийин “Устат-Шакирт” борборунун жаш актерлору тарабынан жазуучунун “Биринчи мугалим” чыгармасынан үзүндү көрсөтүлүп, конокторго документалдуу фильм тартууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер