КР УИА РОССИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 02.10.2018
  • 0

2-октябрда УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев Кыргызстандагы Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько менен жолугушту.

Жолугушууда эки тарап биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, мурдагы байланыштарды кайра жандандыруу, жаш кадрларды тарбиялоо, илимий эмгектерди жактоо үчүн мамлекет аралык диссертациялык кеңеш түзүү, илимий даражасы жогорку журналдарды ачуу жөнүндө маселелерди талкуулашты.

Элчи Андрей Крутько өз сөзүндө: “Жергиликтүү кадрларды, аянтчаларды жана полигондорду пайдалануу менен жүргүзүлө турган илимий иштерге каражат караштырганга көмөктөшөбүз”, — деп, УИАнын президентин Улуттук илимдер академиясынын келе жаткан 75 жылдык мааракеси менен куттуктады жана ага катышаарын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер