КК ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБДЫН БАШЧЫСЫ МЕНЕН ТҮРКИЯ МАМЛЕКЕТИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ЖОЛУКТУ

  • 04.11.2020
  • 0

4-ноябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Таалайбек Омуралиев Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дженгиз Камиль Фырат менен жолугушту.

КК ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБДЫН БАШЧЫСЫ МЕНЕН ТҮРКИЯ МАМЛЕКЕТИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ЖОЛУКТУ

Жолугушуунун жүрүшүндө генерал-майор Т.Омуралиев алгач Измир аймагында болуп өткөн жер титирөөнүн жана цунаминин кесепетинен курман болгон адамдар жана кыйроолорго байланыштуу Дженгиз Камиль Фырат мырзага көӊүл айтты.

Андан соӊ тараптар кыргыз-түрк аскердик байланыштардын абалы, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланыштарды мындан ары чыңдоо жөнүндө пикир алмашып, генерал-майор Т.Омуралиев Түркия тарабынан көрсөтүлүп жаткан курал-жарактар, аскер техника, оорук жана медицина каражаттарынан турган материалдык-техникалык жардамга, жана аскер кадрларды даярдоодогу кызматташтыкка ыраазычылык билдирди.

КК ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБДЫН БАШЧЫСЫ МЕНЕН ТҮРКИЯ МАМЛЕКЕТИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ЖОЛУКТУ

Элчи жолугушууга мүмкүнчүлүк түзгөн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын буга чейин болуп келген жана келечектеги эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгын мындан ары да өз ара өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгиледи.

Жолугушуудан кийин, КР КК Улуттук гвардиясында Куралдуу Күчтөргө багытталган автоунаа техника жана ооруктук мүлк-буюмдарын кабыл алуу аземи болуп өттү. Ага Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дженгиз Камиль Фырат мырза, Генералдык штабдын жетекчилиги, Улуттук гвардиянын командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

КК ГЕНЕРАЛДЫК ШТАБДЫН БАШЧЫСЫ МЕНЕН ТҮРКИЯ МАМЛЕКЕТИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ЖОЛУКТУ

Эске салсак, буга чейин Кыргыз-Түркия мамлекеттеринин Өкмөттөрү тарабынан 2015-2016-жылдарындагы аскердик финансылык кызматташтык боюнча түзүлгөн. Макулдашууларынын алкагында, Түркия тараптан аскердик-техникалык мүлктүн биринчи партиясы 2020-жылдын сентябрь айында келген.

КР КК ГШ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер