“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ДОЛБООРДУК ДЕМИЛГЕЛЕР ЛАБОРАТОРИЯСЫ” ТҮЗҮЛДҮ

  • 04.11.2020
  • 0

3-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Билим берүүдөгү долбоордук демилгелер лабораториясы” (БДДЛ) түзүлдү. Бул платформа билим берүү тармагын модернизациялоо боюнча долбоордук арыздарды талкуулайт жана даярдайт.

БДДЛ эмнелерди аткарат:

  • ББИМ даярдоо жана чечим чыгаруу процессинде эксперттик коомдун катышуусун камсыз кылат;
  • ББИМ ишмердиги менен байланыштуу коомдук демилгелерди көтөрөт жана талкуулайт;
  • ББИМ эл аралык долбоордук кызматташтык, эл аралык фонд жана уюмдар менен иштөө үчүн долбоордук арыздарды даярдоосуна жана алардан гранттык каражаттарды алуусуна көмөк көрсөтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Омуров Нурлан Кубатовичтин төрагалыгында эксперттик топ менен биринчи жолугушуу болуп өттү. БДДЛнын жалпы максаттары жана алдыдагы иштери талкууланып, аталган пункттар боюнча катышуучулардын ойлору угулду. Билим берүүдөгү актуалдуу суроолор жана маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

БДДЛ – коомдук талкуулар үчүн ачык аянтча. Ар бир жаран билим берүү системасын модернизациялоо боюнча, кайсы конкреттүү долбоор боюнча суроо жана сунуштарын [email protected] электрондук почтасына жөнөтө алат.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер