«КОРОНАВИРУСТУН ШАРДАНЫ МЕНЕН ДАРЫ-ДАРМЕКТИН БААСЫН КҮНДӨН-КҮНГӨ ӨСҮП, АЛ ОРТОДО БАЯГА ЭЛЕ ШЫЛУУНДАР НАК ПАЙДАСЫН КӨРҮҮДӨ»

  • 12.03.2020
  • 0

Коронавирус илдети ушунчалык тездик менен жайыла баштады. Анын кесепети Кыргызстанга да тийип жатат. Айрыкча, калкты дары-дармек камсыз кылуу жаатында иштеген шылуудар анын пайдасын көрүүдө. Муну дары-дармектердин эч негизсиз эле кескин өсүп жатканынан эле байкасак болот. Ага ким көзөмөл кылышы керек? Азырынча белгисиз! Бул тууралуу депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Коронавирустун шарданы менен дары-дармектин баасын күндөн-күнгө өсүп, ортодо баяга эле шылуундар нак пайдасын көрүүдө. Сатылып жаткан дарылардын наркы кандай болушу керек? Алардын сапаты кандай? Элибиздин саламаттыгы үчүн ким жооп берет? Көзөмөл жасап, жообун эч ким жок! Жанагы Антимонополдук кызмат эмне кылып отурат? Азыр азыр-түлүк коопсузудугу жаатындагы абал деле ушундай. Өкмөт бул маселелердин баарын колго алып, тийиштүү чараларды көрүшү керек», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер