КОРОНАВИРУСТАН КОРГОНУУ ҮЧҮН КАНИКУЛ КЕРЕК

  • 12.03.2020
  • 0

ЖК депутаттары коронавирустан коргонуу максатында билим берүү мекемелерин жабуу, той-аштарды токтотуу маселесин көтөрүшүүдө.

Депутат Бактыбек Турусбеков парламенттин жалпы жыйынында коронавирус кооптуулугунан улам студенттер менен окуучуларды бир айлык каникулга таратууну, той-аштарды токтото турууну сунуштады.

— Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө каранавирус пандемиясын жарыялап, кескин чараларды көрүп жатат. Америка Европа менен болгон авиакаттамдарын токтотту. Буга байланыштуу биз да коргонуу чараларын күчөтүп, студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда, 15-марттан 15-апрелге чейин каникулга таратууну сунуштайм. Калган сабактарды жайкы каникул учурунда улантса болот. Биз 500-700 адам чакырып той-мааракелерди өткөрүп, бири-бири менен кучакташып, өбүшүп, конверт менен кол алышабыз. Муну дагы токтотушубуз керек»,-деди Турусбеков.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер