КОРЕЙ ТИЛИ БОРБОРУ КҮЗГҮ СЕМЕСТРДИ АЯКТАДЫ

  • 25.12.2023
  • 0

 

ОшТУнун Сежоң корей тил борборунда күзгү семестрдин бүтүрүү аземи өткөрүлдү. Бул семестрге катталган 235 студенттин арасынан 201 студент экзаменди ийгиликтүү тапшырып, курсту бүтүргөндүгү тууралуу сертификатка ээ болду.

КОРЕЙ ТИЛИ БОРБОРУ КҮЗГҮ СЕМЕСТРДИ АЯКТАДЫ

 

Ийгиликтүү аяктаган студенттерге сертификаттан тышкары ар бир группа боюнча мыкты окуган студенттерге мактоо баракчалары, сабактарга толук катышкан студенттерге артыкчылык баракчалары жана белектер тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшү мугалимдер жана студенттер тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.

КОРЕЙ ТИЛИ БОРБОРУ КҮЗГҮ СЕМЕСТРДИ АЯКТАДЫ

Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев катышып, студенттерди корей тил курсун ийгиликтүү бүтүрүшү менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Сежоң корей тил борборунда жылына эки жолу, жазгы жана күзгү семестрге жаңы студенттер кабыл алынып турат.

КОРЕЙ ТИЛИ БОРБОРУ КҮЗГҮ СЕМЕСТРДИ АЯКТАДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер