КООПСУЗ МЕКТЕПТИ КАРЖЫЛОО МЕХАНИЗМДЕРИ

  • 18.10.2018
  • 0
КООПСУЗ МЕКТЕПТИ КАРЖЫЛОО МЕХАНИЗМДЕРИ

Бишкекте КМШнын катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездинде коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу боюнча секция Бишкек шаарындагы №4 мектептин базасында өттү. Анда мугалимдер, окумуштуулар КМШ мамлекеттеринин мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты. Бул жаатында Кыргызстандын тажрыйбасы алгылыктуу экенине келген коноктор токтолушту. Алсак, өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринде коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо механизмдерин иштеп чыгуу максатында “КРде мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу башталган. Бул боюнча «БИОМ» Экологиялык Кыймылынын өкүлү В.В.Коротенконун жасаган презентациясы секциянын катышуучуларынын кызыгуусун арттырды. Андыктан окурмандарды ушул долбоор менен тааныштырууну туура көрдүк.

КООПСУЗ МЕКТЕПТИ КАРЖЫЛОО МЕХАНИЗМДЕРИ

Долбоордун актуалдуулугу

— Мектептик билим берүү деңгээлинин эң маанилүү максаты катары билим берүүнүн жаңы мазмунун түзүүдө компетенттүү мамиленин негизинде жана тиешелүү коопсуз шарттарды түзүү менен Кыргыз Республикасында билим берүү системасын комплекстүү түрдө модернизациялоодогу бирден бир негизги шарт болуп эсептелет. Жалпы билим берүү мекемелеринде коопсуз, толеранттуу жана көп тилдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүдө, “билим берүү системасынын инклюзивдүүлүгүн” да камсыздоо КРнын Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында да аныкталган жана Өкмөттүн 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүгө өтүү Программасында да жазылган. Бул иш-кагаздардын алкагында жогорку саясий жетекчилик тарабынан Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө карата багыты расмий жарыяланган. Туруктуу өнүгүү түшүнүгү өзү менен маанилүү тарбиялык факторду алып жүрөт, анткени бул жерде өнүгүүнүн борборуна адамдын өзү коюлуп, жана экономиканын өсүп-өнүгүү призмасы аркылуу жана ар бир адамдын керектөөлөрү каралып, ошондой эле туруктуу өнүгүү ресурстардын акылдуу пайдаланылышы менен табигий лимиттерге берекелүү мамиле менен бирге, ресурстар “азыркы жана келечек муундун турмушунун сапатын жогорулатууга” багытталган концептин камтыйт, — деди В.В.Коротенко.

Анын айтымында, туруктуу өнүгүү багыттарын аткарууну азыркы күндө бардык өлкөлөр кабыл алган, жана бардыгы билим берүү системасыз, ал өзү менен улуттун интеллектуалдык капиталын түзгөндүктөн, бул максаттарга жетишүү мүмкүн эместиги менен макул. Ошондуктан, билим берүү тармагында мындан да жогорку көрсөткүчтөргө жетүүнү камсыздоо керектелет. Билим берүүнүн негизги ресурсу катары анын инфраструктурасы эсептелет. Бирок азыркы убакытта кээ бир мектептерде таза ичүүчү суу жок, ал эми дааратканалар эшикте жайгашкан. Ошону менен бирге көпчүлүк мектептерде башка коопсуз шарттар камсыздалган эмес (свет, жылуулук жана энергоэффетивдүүлүк, вентиляция ж.б.у.с.). Бул факторлор балдардын ден соолугуна таасирин берет. Мындан тышкары, алардын сакталбашы ресурстарды сактоодо тескери жүрүм-турумдун стереотиптерин калыптандырып, аларды өзүнүн үйүнө алып баруу менен коопсуз жана энергоэффективдүү чөйрөнү жана жалпы туруктуу өнүгүүнү түзүүгө көмөктөшпөйт. Жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүндө экологиялык коопсуздуктун заманбап стан-дарттары тууралуу маалыматы аз.

КООПСУЗ МЕКТЕПТИ КАРЖЫЛОО МЕХАНИЗМДЕРИ

— Билим берүү системасындагы психологиялык коопсуздук тууралуу баяндаганда, эске алуучу нерсе, мектеп, так айтканда анын ички атмосферасы, окучуулардын психологиялык комфортун камсыздоонун эффективдүү механизмдерин камтый албайт. Мектеп чөйрөсү, муну кабыл алуу капалуу болсо да, кээ бир окуучулар үчүн стрессогендүү болуп, өзү менен ар кандай негативдүү көрүнүштөргө алып келет. Коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу үчүн, тийиштүү ченемдик база, эмгекти коргоо талаптарын сактоо, окуу процессинин катышуучуларын өзгөчө кырдаалдардан сактоо максатында жана инсандын психологиялык коопсуздугун камсыздоо керектелет да, ал өзүнө анын маалыматтык коопсуздукту да камтыйт. Зомбулук жүрүм-турумдун бардык формалары жана түрлөрү менен күрөшүүдө мамлекеттин, билим берүү мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын, ата-энелердин жана коомчулуктун биргелешкен иши болушу керек. Бул учурда гана биз өзүбүздүн мектептерибизди балдар үчүн коопсуз кыла алабыз, — деди адис.

Коопсуз билим берүү чөйрөсү деген эмне?

— Мектеп – бул дубал гана (ошол эле) эмес. Бул атмосфера, мектептин жааматы менен жана жергиликтүү коомчулук, ата-эне, коомдук уюмдар ж.б. камсыздаган тийиштүү шарттар менен түзүлөт. Коопсуз билим берүү чөйрөсү – бул чөйрө, окуучунун талаптарына багытталган жана коопсуздуктун толуктугун камсыздаган жана бардык тобокелдиктердин түрлөрүн азайткан чөйрө.

Коопсуз мектептик чөйрө өзүнө бир нече аспекттерди камтыйт: психологиялык/ социалдык коопсуздук (укугунун чектелбеши, зомбулуксуз, жана толеранттуу чөйрө); физикалык коопсуздук (коопсуз имараттар, анын ичинде өзгөчө кырдаал учурундагы коопсуздук, окуу үчүн жабдуулар ж.б.у.с.); экологиялык коопсуздук (таза аба, суу, канализация, пайдалуу тамак-аш, жарыктын жогорку сапаты, ыңгайлуу температура, туура желдетүү, энергоэффективдүүлүк, бакчылык ж.б.).

Борборунда жана билим берүү процессинин ченегичи катары, ар бир мектепте конкреттүү бала болгондуктан, биздин максат, мектеп дубалдарында ага коопсуз дүйнөнү түзүү болуп эсептелет! — дейт «БИОМ» ЭКнын өкүлү.

Долбоордун максаты жана милдеттери

— Ишмердүүлүктүн жалпы максаты — Билим берүү жана илим министрлиги менен жергиликтүү бийлик органдарынын, социалдык өнөктөштүк уюмдарынын, жарандык коомчулук уюмдарынын жана мектептер менен өз ара секторлук өнөктөшүүгө колдоо көрсөтүү менен билим берүүнүн коопсуз чөйрөсүн калыптандыруунун андан аркы өнүгүүсүнө жардам берүү, — деди докладчик.

Жалпы максатка жетүү үчүн долбоор боюнча өнөктөштөр стратегияны иштеп чыгышкан, анда көп иш-чаралар камтылып, 3 кластерге топтолгон жана Кыргызстандын бардык региондору менен бирге Бишкекти да камтыган. Бул иш-чаралар Кыргызстандагы билим берүү системасынын негизги милдеттерин чечүү үчүн фокусталган: билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу, билим берүүнүн сапаты жана билим берүүнүн жыйынтыктары менен канааттанбастык, адам ресурстарынын жетишсиздиги жана билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр. Бул саналган көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн, долбоордун өнөктөштөрү конкреттүү милдеттерди чечүүнү сунуштайт, алар:

  1. Кыргызстандын мектептеринин коопсуз билим берүү чөйрөсүндө улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жана илгерилетүү:
  • Мектептердеги коопсуз жана сак-саламаттуу билим берүү чөйрөсүндө комплекстүү стандарт боюнча колдонмолорду/усулдук сунуштамаларды иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
  • Бул процесске аткаруу бийлигинин органдарын, анын ичинде КР Билим берүү жана илим министрлигин, КР Финансы министрлигин, ж.б., жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин тартуу;
  • Мамлекеттик органдар тарабынан, укуктук ченемдик акт деңгээлинде Стандартты кабыл алууну илгерилетүү менен аны сөзсүз түрдө өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырууну орундатуу.
  1. Улуттук, жергиликтүү жана институционалдык деңгээлде коопсуз билим берүү чөйрөсүн башкаруу жана каржылоону камсыздоо боюнча кызыктар тараптардын потенциалын күчөтүү:
  • 350 мектептин администрациясынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү кызматкерлердин уюштуруу структурасын жакшыртуу тармагында потенциалын жогорулатуу жана адамдык потенциалды жогорулатуу менен мектептеги коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо;
  • Бардык облустардагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, мектептеги камкордук кеңештеринин мүчөлөрүнүн, билим берүү тармагындагы өкмөттүк эмес уюмдардын потенциалын жогорулатуу;
  • Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адис усулчуларына менеджмент менен коопсуз жана сак-саламаттуу билим берүү чөйрөсүн каржылоо механизмдери боюнча окутуу модулун иштеп чыгуу;
  • Коопсуз мектеп чөйрөсүндө башкаруу жана финансылык камсыздоо боюнча окуу-усулдук комплексин киргизүү жана аны билим берүү тармагындагы педагогдорду жана башкаруучу кадрларды даярдоо системасына киргизүү;
  • Туруктуу өнүгүү, энергоэффективдүү жана коопсуз принциптерин эске алуу менен тийиштүү билим берүү тармактары боюнча окуу-усулдук материалдардын комплексин иштеп чыгууну уюштуруу;
  • Коопсуз жана сак-саламаттуу билим берүү чөйрөсү менен мектептеги зомбулуксуз жүрүм-турум практикасын калыптандыруу боюнча педагогикалык багытта жана башкаруучу профилдеги студенттер үчүн окуу материалдарын иштеп чыгаруу;
  • Өлкөнүн жождорунда маалыматтык-усулдук 3 ресурстук “Толеранттуулукту жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүчү борборлорун” түзүү менен коопсуз/сак-саламаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча технологияларын колдонуу жана мектептерде зомбулуксуз жүрүм-турум практикасы менен келечек педагогдор менен ал борбордо практикалык сабактарды өткөрүү;
  • Финансы министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигиндеги Коомдук кеңешмелердин мүчөлөрүнүн билим берүүнү каржылоо, билим берүүнү каржылоо мониторинги суроолору боюнча, ошондой эле коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо суроолору боюнча потенциалын жогорулатуу.
  1. 3. Өлкөнүн мектептеринде коопсуз билим берүү чөйрөсүн жогорулатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтууда мамлекеттик органдардагы сектор аралык, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, камкорчулук кеңештер тарабынан жана мектеп ортосундагы өз ара кызматташуу:
  • Коопсуз/сак-саламаттуу билим берүү чөйрөсүн уюштуруу боюнча өлкөдөгү 12 пилоттук мектептин тажрыйбасынын пилотун өткөрүү жана трансляциялоо. Бул мектептерде коопсуз билим берүү чөйрөсүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүү менен туруктуулук максатында “Коопсуздук боюнча кеңешчилер” деген пилоттук топтор түзүлөт жана коопсуз билим берүү чөйрөсү боюнча менеджментинин механизмдери иштелет.
  • Мектептин администрациясын жана окутуучулук составын окутуу аркылуу мектептерде экологиялык коопсуздук методдорунун практикасын киргизүү.
  • Билим берүү мекемелерин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын жана коомчулукту коопсуз/сак-саламаттуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдоо.
  • Коопсуз/сак-саламаттуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо маселеси боюнча жана зомбулуксуз жүрүм-турумду калыптандыруу практикасынын маалыматтык ресурсу катары www.safe.edu.kg долбоорунун веб-платформасын түзүү жана колдоо.

Сөз соңу

В.Коротенконун презентациясынан кийин Беларус, Орусия, Казакстан мамлекеттеринен келген жетекчилер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул мамлекеттерде да  коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууда алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканы тууралуу айтып беришти.

«Мектеп – бул балдар убактысынын көбүн өткөрүүчү жер, ошондуктан ал белгилүү  талаптарга жооп берүүгө тийиш. Маселен, экологиялык коопсуз мектеп – жөн гана сабак өтүүчү имарат эмес. Турак-жай имараттарынын микроклиматы – бул имараттагы метерологиялык шарттардын комплекси: оптималдык температура, нымдуулук, аба алмашуу, абанын курамындагы катуу бөлүкчөлөр (чаң), жагымсыз жыттардын жок болушу. Мектептик имараттагы ыңгайлуу микроклимат – окуучулардын жетишүүсүнүн жана ишке жөндөмдүүлүгүнүн маанилүү шарты. Класста же кабинетте 35-40 окуучу көп убакыт болгон учурда аба гигеналык талаптарга жооп бербей калат. Анын химиялык курамы, физикалык касиети жана бактериялык булгануусу өзгөрөт. Бул көрсөткүчтөрдүн баары сабактын аягында тез көбөйөт.  Жагымдуу микроклимат – ден соолуктун башаты. Адам 90 пайызга жакын убактысын жабык бөлмөдө өткөрөт. Дарыгерлердин ою боюнча бөлмөлөрдүн микроклиматы адамдын абалына жана ден соолугуна чоң таасирин тийгизет. Ошондуктан тиешелүү микроклиматты түзүү чоң мааниге ээ. Албетте, көп учурларда адам айлана-чөйрөгө ыңгайлашууга аргасыз, мисалы мектепте, жумушта ж.б. Бирок ар бир адам өз үйүндө жагымдуу микроклимат түзө алат. Бөлмөдө кандай температура болуусу зарыл? Бөлмөдөгү температура ар кандай болушу мүмкүн, эң башкысы адам өзүн ыңгайлуу сезүүсү зарыл. Температура бөлмөнүн ичиндеги адамдардын жасаган ишинен көз каранды». («БИОМ» Экологиялык Кыймылынын Маалыматтык Бюллетени).

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер