КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛДҮ
- 24.03.2020
- 0
Таажытумоосунан айрыкча, жаш балдар жана жашы улгайгандар өз алдынча коргонуусу кыйын экени талашсыз. Карантин мезгилинде үйдөн чыкпай, ата-энелердин кашында отуруу талабы балдар жатып окуучу жатак мектептерде кандай аткарылып жаткандыгын билүү максатында Аламүдүн районундагы Чүй облустук зээндүү балдар жатак мектебинин директору Бүбүкан Жусупова менен байланышканыбызда, ал бизге буларды айтып берди.
“Балдардын баары учурда үйлөрүндө, ата-энелери, жакындары менен болушууда. Биздин балдар дем алыш күндөрүнөн башка күндөрү бул жерде жатып окушкандыктан, карантин башталганда эле баарын үйлөрүнө таратканбыз. Алгачкы беш күнү мугалимдер жана тарбиячылар чейректерди чыгарып, тиешелүү отчетторду даярдап алган соң, имараттардын ичин атайын каражаттар менен жууп-тазалоо, короону шыпыруу сыяктуу иштерди жүргүздүк. Азыр мектепте мен, нөөмөтчү кызматкер жана кароолчулар гана бар. Чукул кырдаалда терс көрүнүштөрдөн оолак болуу үчүн бардык коргонуу жана коопсуздук чараларын көрүп жатабыз. Баардыгыбыз ушул кырдаалдан биримдик, ынтымак жана сабырдуулук менен чыгып кетээрибизге ишенем”.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер