КООМДУК ЖАЙЛАРДАГЫ ТАЗАЛЫК ИШТЕРИ

  • 18.03.2020
  • 0

Чүй облусундагы Кемин районунда жайгашкан мекеме-уюмдарда, автобекеттерде, чакан автоунааларда ж.б. элге кызмат көрсөткөн жайларда дезинфекция иш-чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын социалдык иштер боюнча орун басары Айгүл Курманалиева билдирди.

Анын айтымында, райондун акими  райондогу бардык мекеме-уюмдарда, коомдук жайларда санитайзерлерди орнотуу, дезинфекциялык каражаттарды үзбөй колдонуу, имараттардын ичин атайын каражаттар менен жууп-тазалап, таза кармоо жана үзгүлтүксүз желдетип туруу сыяктуу иштерди күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген. Айгүл Зарылбековна бул иштер тиешелүү мамлекеттик органдардын тыкыр көзөмөлүндө болуп жаткандыгын кошумчалады.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер