КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ НЕГИЗДЕЛГЕН ОКУТУУ

  • 25.03.2020
  • 0

 Борбордук Азия Университетинин Билим Берүүнү Өнүктүрүү Программасы

 

Компетенттүүлүк деген эмне?

КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ НЕГИЗДЕЛГЕН ОКУТУУ

Компетенттүүлүк –бул билимдердин, көндүмдөрдүн, мамилелердин баалуулуктардын) динамикалык комбинациясы.

 

Компетенттүүлүк төмөнкүдөй  мүнөздөмөлөргө ээ:

  • Компетенттүүлүк – бул окуп-үйрөнүүнүн 3 багытын өзүнө камтыйт: билим, көндүмдөр жана  мамилелер (баалуулук).
  • Компетенттүүлүк иш-аракетке байланыштуу болгондуктан аны байкап билүүгө, демонстрациялоого жана өлчөөгө мүмкүн.
  • Компетенттүүлүктөрдү башкаларга үйрөтүүгө болот.

Негизи компетенттүүлүктөр көп профилдүү билимдердин, көндүмдөрдүн жана мамилелердин комплекси болуп саналат. Аларды үйрөтүүгө болот, аларды үйрөнүп өзүн өзү өнүктүрүүгө, коомдун турмушуна катышууга жана жумуш табууга кызыккан бардык инсандар үчүн зарыл. Компетенциялар, мектептик милдеттүү билим берүүнүн же кандайдыр бир окутуу процессинин аягында калыптанышы керек, анткени алар инсандын өмүр бою, тынымсыз билим алуулардын фундаменти болуп саналышат. (European reference framework, 2004)

 

Негизги билимдер жана көндүмдөр

Окуучулар, мектеп программасында окутулуучу сабактарынан өзгөчө тил (кыргыз, орус, чет), математика, табигый илимдер, техникалык дисциплиналар боюнча компетенттүү болуулары зарыл. Ошондой эле алар билим алууда, жумушта жана жашоо-турмушта ийгиликтерге жетишүүлөрү үчүн, өздөрүнүн билимдерин реалдык маселелерди чечүүлөрдө пайдалана билүүлөрү керек.

Тил (тилдер):

Өз ойлорун, сезимдерин жана фактыларды оозеки жана жазуу формаларында, социалдык жана маданий контексттерде эркин билдирүү жана сүрөттөө (интерпретациялоо) жөндөмү.

Өзүнүн каалоосу боюнча, өзүнүн эне тилинде, мектепте окутулуучу тилде (тилдерде) жана да башка тилдерде иш учурунда, билим алуусунда, окуусунда, үйүндө, жана да башка жерлерде сүйлөй алуу жөндөмү.

Математикалык сабаттуулук:

Базалык деңгээлдеги математикалык сабаттулук өзүнө кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүү амалдарын, процент чыгарууларды, ар түрдүү маселелерди чечүүдө, ой жана жазуу түрлөрүндөгү эсептөөлөрдү жүргүзүүдө колдоно билүүлөрдү камтыйт. Андан кийинки өнүгүүлөр, контексттерге жараша математикалык ой жүгүртүү ыкмаларын (логикалык жана мейкиндик боюнча) пайдаланууга болгон каалоолордун жана тиешелүү жөндөмдүлүктөрдүн болуштарын өзүнө камтыйт.

Табигый илимдер жана технология:

Илимий компетенттүүлүк – бул жаратылыш дүйнөсүн түшүндүрүүдө илимий билимдердин системасын  жана методологияны пайдалана билүү жөндөмү жана ага карата болгон каалоолордун болушу.

Технологиялардагы компетенттүүлүк, ушул билимдер, табигый чөйрөнү, адамдардын каалоолоруна жана керектөөлөрүнө ылайык өзгөртүү процесстириндеги колдонулуштары болуп саналат.

 

“21кылымдын компетенциялары

Окуучулардын негизги компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү менен бирге, мектептер “21-кылымдын адисинин” төмөнкүдөй 8 (8 Сs) компетентүүлүктөрүн дагы өнүктүрүүсү керек:

Буларды, биргелешип окуп-үйрөнүү, долбоорго негизделген окуу жана изилдөө жүргүзүү сымал 21-кылымдын педагогикаларын колдонуу менен тил, STEM жана МТны (маалымат технологиясы) сабактары аркылуу өнүктүрүүгө болот.

 

Сынчыл  ойлоо жана

көйгөйлөрдү чечүү

 Сынчыл ойлоо – бул инсандын комплекстик көйгөйлөргө жооп издөө, алар боюнча олуттуу чечимдерди кабыл алуу жана чечимдерди табуу процесстеринде тиешелүү маалыматтарды топтоо, баалоо, анализдөө жана аларды жалпылай билүү көндүмү.

Көйгөйлөрдү чечүү—  бул татаал проблемаларды чечүү үчүн керек болгон маалыматтарды, бир нече булактардан таба алуу, аларды пайдалана билүү көндүмү.  Көйгөйлөрдү чечүү, баарынан мурда проблемаларды аныктоо, элементтик курамын түшүнүүнү, ар түрдүү альтернативдик чечимдерди издөө жана баалоо, проблеманы чечүүнүн эң жакшы стратегияларын жана ресурстарын аныктоону талап кылат.  Ал  үчүн инсандардын тиешелүү каражаттарды жана методдорду пайдалана билүүлөрү, ар кандай тоскоолдуктарга карабай өжөрлүк менен иштөөлөрү зарыл.

Окуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүүсү керек:

•   Проблеманы так аныктай билүүнү

•   Түрдүү булактардан маалыматтарды алуу, анализдөө жана синтездөө

•   Кырдаалга жараша талдоолордун ар кандай түрүн колдонушат (индуктивдүү, дедуктивдүү)

•   Тоскоолдуктарга карабай ишти аягына чыгаруу

•   Көйгөйлөрдү чечүүнү

КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ НЕГИЗДЕЛГЕН ОКУТУУ

Коммуникация – бул түрдүү ыкмалар менен эффективдүү маалымат алмашуулар. Аларга  оозеки, жазуу, карап-көрүү, санариптик, вербалдык жана вербалдык эмес формалар кирет.

Окуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болуусу керек:

•   Так жана түшүнүктүү пикир алмашуу

•   Билим алуу (бир нерсеге үйрөнүү) үчүн  эффективдүү  суроолорду берүү

•   Баалуулуктардын,  мамилелердин жана максаттардын маңызын түшүнүү, билимдерге ээ болуу үчүн эффективдүү угуу

•   Мультимедияларды жана технологияларды пайдалануу; алардын эффективдүүлүгүн аныктоо, баалоо

•   Өз ара пайдалуу  болгон  чечимдерди издөө, конфликттерди башкаруу жана чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүү

 

Креативдүүлүк, иновация жана ишкердүүлүк

Креативдүүлүк,   өзүнө, жаңы, оригиналдуу идеяларды, түшүнүктөрдү, жумуштарды же технологияларды  кызыгуу менен сунуш кылуу көндүмүн камтыйт. Ишкердүү ой-жүгүртүүчүлүк – бул тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү көрө билүү жана пайдалануу көндүмү, ошондой эле тобокелчиликке жана өзүнө жопкерчиликти алууга даяр болуусу.

Окуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүүсү керек:

•   Изденүүлөрдүн жана изилдөөлөрдүн жардамы менен жаңы идеяларды жаратуу

•   Калыптанып калган туура эмес ой жүгүртүүлөрдү талдап, башка алтернативаларды сунуштоо

•   Коомдун муктаждыктарын канааттандыруу же көйгөйдү чечүү үчүн жаңы билимдерди инновациялык ыкмалар менен колдонуу

•   Башка адамдар менен чыгармачыл иштөө

•   Инновацияларды ишке  киргизүү

•   Мүмкүнчүлүктөргө жараша иш аракеттерди жасоо

Граждандуулук 

Граждандуулук (жергиликтүү жана глобалдуу) – гражданиндин жергиликтүү, улуттук жана глобалдык деңгээлдердеги  укуктарын жана милдеттерин билүүсү; граждандык турмушка активдүү катышуу үчүн, мотивацияларды, даярдыктарды жана көндүмдөрдү өнүктүрө алуусу жана граждандык  маселелерге көргөзгөн  таасирин түшүнө билүүсү (Р21, 2007а, 2013). 21-кылымда, граждандуулук өзүнө, кантип продуктивдүү, жоопкерчиликтүү жана этикалык принциптерди  сактоо менен,  “санариптик граждандуулук” деп аталган виртуалдык коомчулуктун турмушуна катышууга  боло тургандыгы жөнүндөгү билимдерди да камтыйт. (Р21, 2013)

Окуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүүсү керек:

•   Адам укуктары жана милдеттери

•   Жоопкерчиликтин жана этиканын принциптерин   сактоо менен, жергиликтүү, улуттук жана глобалдык  деңгээлдердеги коомдук иш-аракеттерге катышуу

•   Жоопкерчиликтин жана этиканын принциптерин сактоо, ар тараптуу карым-катнаштар менен жемиштүү кызматташуу

•   Оң  “санариптик изди” түзүү

•   Курчап турган чөйрөгө туруктуу мамиле кылуу

 

Өзгөчө мүнөздү калыптандыруу
Өзгөчө мүнөздү калыптандыруу: максатка жетишүү,  башкалар менен биргеликте жашоо, иштөө жана өзүнүн эмоциясын башкара алуу үчүн зарыл болгон социалдык жана эмоциялык көндүмдүктөр.

Окуучулар төмөнкү мүнөздөргө ээ болуусу зарыл:

•   Өжөрлүк —  бул кыйынчылыктарга, татаалдыктарга, жолу болбоочулуктарга, каршылыктарга карабай коюлган максатка жетүү үчүн умтула берүүчүлүк. Жашоодогу ийгиликтерге жетишүү үчүн бул сапат абдан маанилүү.

•   Адаптациялуулук/ийкемдүүлүк сапаты өзүнө кырдаалды тузө билүүчүлүк жана ага жараша ылайыкташа алуучулук көндүмүн, ошондой эле жаны ролдорго, көз караштарга, чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөргө ийкемдүү болуу көндүмдүктөрүн камтыйт. Мындай сапат үзгүлтүксүз (өмүр бою) билим алуунун жана туруктуу өнүгүүнүн эсебинен өнүгөт.

•   Жоопкерчилик – ар бир жасаган ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жана жасалган иг үчүн жоопкерчилик тарта билүү

•   Өз алдынча окуу – өнүгүү канчалык маанилүү экенин билүү менен өзүнүн үстүнөн өзү иштей, окуу жана өнүктүрөө билүүсү

 

Кызматташуу

Кызматташуу —  бул жалпы максаттарга жетишүү үчүн башкалар менен иштешүү жана кандайча эффективдүү кызматташууга болоорун билүү (мисалы, качан угуу, качан сүйлөө керектигин, кандайча сыйлоо керектигин билүү). Кызматташуу, лидерлерден, алардын ачык ойлуу жана ийкемдүү болууларын талап кылат.

Окуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүүсү керек:

•   Башкалар менен кызматташууну.

•   Команданын ичинде, индивидуалдык өзгөчөлүктөргө, көндүм жана шыктарга жараша, түрдүү  жоопкерчиликтерди коё билүү көндүмүнө.

•   Топтук иш-аракеттерде, продуктивдүү иштөөнү, көйгөйлөрдү чечүүнү жана конфликттерди жөнгө салууга мүмкүндүк  берүүчү, эффективдүү ыкмаларды пайдаланууну.

•   Өзүнө жетекчиликти алуу, консенсуска келүү, эффективдүү байланыш жүргүзө алуу көндүмдөрүн өнүктүрүү.

 

Билим алуудагы (окуп үйрөнүүдөгү)

байланыштар

Билим алуу (окуп үйрөнүү) процессинде маалыматтык жана медиа сабаттуулуктун, маалыматтык коммункациялык технологиялардын жана байланыштын санариптик технологияларын пайдалануу (ETS, 2007) көндүмдөрүнө ээ болуу менен, маалыматтарды тез таба алуу, аларды колдонуу, бирдиктүү кароо жана баалоо көндүмүнө ээ болуу.

Окуучулар төмөнкүлөрдү үйрөнүүсү керек:

•   Ар түрдүү булактардан маалматтарды таба билүү

•   Алынган маалыматты сынчыл ойлоо аркылуу баалоо

•   Маалыматты чыгармачылык менен жана этикалык нормаларды сактоо менен так колдонуу

•   Медиа кабарлардын чагылдырылышын талдоо

•   Жашоо жана иштөө үчүн санарип технологияларын, каражаттарды жана коомдук тармактарды ийгиликтүү колдонуу

•   Маалымат жаратуу

Материалды Борбордук Азия Университетинин Билим берүүнү өркүндөтү программасы даярдады. Билим берүүгө жана илимге байланыштуу материалдар айына бир жолу программа тарабынан сунушталып турат. Суроолор жана/же кошумча тактоолор болсо программанын координатору Папиева Жамал менен байланышсаңыздар болот: jamal.papieva@ucentralasia.org & 0770-822146

Бөлүшүү

Комментарийлер